Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросу менен кызматташуу жөнүндө Макулдашууга А. Султанов кол койду

Басылмалардын датасы: 14.02.2018


Бүгүн, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин  Төрагасы  Акылбек Султанов 2018-2020-жылдарга карата Норвегиянын Борбордук статистикалык бюросу (НБСБ) менен кызматташуу жөнүндө Макулдашууга  кол койду.

Акыркы 10 жылдан бери НБСБ КР Улутстаткомдун узак мөөнөттүк өнөктөшү болуп саналат.  Ошол жылдардан бери кызматташуунун үч фазасы ишке ашырылды.    

НБСБ жана КР Улутстатком 2018-жылдын башынан тарта кийинки үч жылга карата кызматташуунун 4-чү фазасын иштетип баштайт. Эки тараптын кызматташуусунун донору болуп Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги чыгып жатат, кызматташуу үчүн каражаттарды ал гранттык негизде бөлүп берет.

НБСБ жана КР Улутстатком кызматташуунун 4-чү фазасын иштетүү учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жана Норвегиянын  картографиялык ведомствосу (НКВ) менен да өз ара тыгыз байланышта иштешет, алар кызматташуу боюнча негизги өнөктөштөр болуп саналат.

Ушул кызматташуунун негизги максаты КР Улутстаткомдун статистикалык потенциалын өстүрүүдөн гана эмес, ал негизги төрт өнөнктөштүн ортосундагы ведомстволор аралык кызматташууну жакшыртуу да болуп саналат.      

Өнөнктөштөр кызматташуунун төмөнкүдөй үч багыты боюнча биргеликте иш жүргүзүшөт:  

  1. Карталардагы статистика:

- карталарды колдонуу менен статистикалык маалыматтарды өнүктүрүү;

- карталардын негизинде тереңдетилген статистикалык талдоо жүргүзүү;

- мейкиндик маалыматтардын улуттук инфраструктурасын түзүүгө көмөктөшүү.

  1. Сапатты камсыз кылуу:

- өндүрүштүк процесстердин сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу; 

- статистикалык анкеталарды иштеп чыгуу процессин жакшыртуу жана фокустук топторду колдонуу тажрыйбасын ишке киргизүү; 

- статистикалык маалыматтарды иргеп иштетүү жана редакциялоо боюнча  стратегияны жакшыртуу;

- респонденттерге карата отчеттук жүктөрдү төмөндөтүү.  

  1. Маалыматтар менен алмашууга карата Ведомстволор аралык кызматташуу:

- административдик каттоо (регистр) менен ишканалардын  статистикалык каттоосун (регистр) байланыштыруу;

-  административдик маалыматтардын негизинде демографиялык маалыматтарды өнүктүрүү;  

- алдыда боло турган калкты жана турак-жай фондун каттоого карата даярдануу учурунда административдик каттоону (регистрди) колдонуу.   

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

 


Акыркы жаңылоо: 14.02.2018, 14:06