Көмүр рыногунда учурдагы баалардын абалы. Республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2019-жылдын 24-октябрына кыскача обзор

Басылмалардын датасы: 25.10.2019


Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттарында 2019-жылдын 24-октябрына карата көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүш)  орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

17-октябрдан 24-октябрга чейинки мезгил ичинде көмүрдүн орточо  керектөө баалары бир тонна үчүн 26,04 сомго, же 0,6 пайызга төмөндөдү.

Аймактардын тиги же бул калк жашаган аймактарынын рынокторунда көмүрдүн чекене бааларынын олуттуу айырмаланганы белгиленди. 2019-жылдын 24-октябрына карата абалы боюнча көмүрдүн максималдуу орточо керектөөчү баалары Кара-Суу шаарында (бир тонна – 8124,04 сом), Баткен шаарында (бир тонна – 8000 сом) жана Ноокат шаарында (бир тонна – 7153,09 сом) катталды. Ушул эле учурда, минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна – 2500 сом), Нарын шаарында ( бир тонна  – 3646,92 сом) жана Балыкчы шаарында (бир тонна – 3694,59 сом) байкалды.

Муну менен бирге, көмүрдүн чекене баалары Кара-Суу шаарында – тоннасы 378,07 сомго, же 4,9 пайызга жана Өзгөн шаарында – тоннасы 184,27 сомго, же 4,0 пайызга өстү.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары
                    (бир тонна, сом)

 

2019-жылдын
17-октябрына

2019-жылдын
24
-октябрына

                       Четтөө:
өсүүсү
(+), төмөндөөсү (-)

Кыргыз Республикасы

4524,83

4498,80

-26,04

Каракол ш.

5613,40

5556,98

-56,42

Балыкчы ш.

3694,59

3694,59

0,00

Кербен ш.

4300,00

4300,00

0,00

Токтогул ш.

5714,29

5283,78

-430,50

Жалал- Абад ш.

4932,42

4932,42

0,00

Чаек а.

2500,00

2500,00

0,00

Нарын ш.

3646,92

3646,92

0,00

Исфана ш.

6140,03

6086,87

-53,16

Баткен ш.

8500,00

8000,00

-500,00

Кара-Суу ш.

7745,97

8124,04

378,07

Ноокат ш.

6986,64

7153,09

166,45

Өзгөн ш.

4638,88

4823,15

184,27

Покровка а.

4200,00

4200,00

0,00

Талас ш.

4799,74

4799,74

0,00

Кара-Балта ш.

3849,68

3900,00

50,32

Токмок ш.

4014,03

4014,03

0,00

Бишкек ш.

3874,68

3896,57

21,89

Ош ш.

6198,37

5899,43

-298,93

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 25.10.2019, 16:41