2021-жылында 22 февралына көмүр рыногунда баалардын учурдагы абалы

Басылмалардын датасы: 25.02.2021


Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) болгон орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилди.

2021-жылдын 22-февралында үстүбүздөгү жылдын январына карата көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча орточо алганда бир тонна  үчүн  51,52 сомго же 1,1 пайызга төмөндөдү.

Муну менен бирге, минималдуу чекене баалар Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн - 3 500,00 сом) жана  Чаек айылында (бир тонна үчүн - 2 500,00 сом) болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тонна үчүн - 7 974,66 сом), Баткен (бир тонна  үчүн - 7 819,61 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн - 5 899,15 сом) шаарларында катталды. 

Көмүргө карата баалардын  бир кыйла  өсүшү мурунку айга салыштырмалуу Баткен шаарында - тоннасы 1 156,96 сомго же 17,4 пайызга белгиленди. Бир эле убакта, Исфана шаарында анын баасы - тоннасы  1 145,30 сомго же 27,2 пайызга төмөндөгөн. Негизинен, байкоого алынган калктуу конуштарда баалар өткөн айдын деңгээлинде калды.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары

                              (бир тонна, сом)

 

 

2021-ж.

январы

 

2021-ж.

22 - февралына

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

Кыргыз Республикасы

4 614,86

4 563,33

-51,52

 Каракол ш.

5 507,32

5 507,32

0,00

 Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

 Кербен ш.

4 600,00

4 424,93

-175,07

 Токтогул ш.

4 373,21

4 373,21

0,00

 Жалал- Абад ш.

5 268,64

5 268,64

0,00

 Чаек а., Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

 Нарын ш.

3 500,00

3 500,00

0,00

 Исфана ш.

7 889,87

5 744,56

-2145,30

 Баткен ш.

6 662,57

7 819,53

1156,96

 Кара-Суу ш.

5 899,15

5 899,15

0,00

 Ноокат ш.

7 958,11

7 974,66

16,54

 Өзген ш.

5 091,64

5 091,64

0,00

 Покровка а., Манас району

4 700,00

4 600,00

-100,00

 Талас ш.

4 743,42

4 743,42

0,00

 Кара-Балта ш.

4 200,00

4 200,00

0,00

 Токмок ш.

4 098,78

4 098,78

0,00

 Бишкек ш.

4 111,45

4 111,45

0,00

 Ош ш.

5 866,48

5 630,23

-236,25

Баадагы факторлордон тышкары, товар-өкүлдөрдүн ассортиментинин өзгөрүүсү, ошондой эле соода  точкаларынын алмашуусу орточо баанын деңгээлине таасирин тийгизет. 

Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт.

Ошол эле учурда сатуу точкаларында товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат.

 
_______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 25.02.2021, 17:10