2020-жылдын декабрында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин* экономикаларынын керектөө секторунда инфляциянын деңгэли

Басылмалардын датасы: 15.01.2021


2020-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттеринин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди, муну менен бирге алардын (3,4 пайыз) эң көп өсүүсү Армения Республикасында катталды.   

ЕЭАБ мүчө-мамлекеттери боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Декабрь-
ноябрга карата

Декабрь-
мурунку жылдын декабрына карата

Январь-декабрда өсүүнүн орточо айлык темптери (төмөндөшү)

2019

2020

2019

2020

2019

2020

Армения

1,3

3,4

0,7

3,7

0,1

0,4

Беларусь

0,5

1,2

4,7

7,4

0,4

0,6

Казакстан

0,7

0,9

5,4

7,5

0,4

0,6

Кыргызстан

0,9

2,3

3,1

9,7

0,3

0,8

Россия

0,4

0,8

3,0

4,9

0,2

0,4

* Статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча.

2020-жылдын январь-декабрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын максималдуу деңгээли (9,7 пайыз) Кыргыз Республикасында белгиленди.

Өтүп кеткен жылы баалар жана тарифтер эң көп (15,8 пайызга) Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) жогорулады. Муну менен бирге, азык-түлүк эмес товарларга болгон баалардын максималдуу өсүүсү - 8,1 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөргө - 8,4 пайызга Беларусь Республикасында катталды. Ошол эле мезгилде, азык-түлүк товарларга чекене бааларынын минималдуу өсүүсү Армения Республикасында (5,5 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга - Кыргыз Республикасында (2,4 пайызга) байкалды.    

2020-жылдын декабрындагы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

 ((пайыз менен, өсүүсү +, төмөндөшү -)

 

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде

азык-түлүк

товарлар1

азык-түлүк эмес товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

 

Мурунку айга карата

Армения

3,4

6,4

2,3

0,3

Беларусь

1,2

1,6

0,4

1,7

Казахстан

0,9

1,5

0,5

0,4

Кыргызстан

2,3

3,4

1,2

0,8

Россия

0,8

1,5

0,4

0,4

 

Мурунку жылдын декабрына карата

Армения

3,7

5,5

3,4

1,6

Беларусь

7,4

6,2

8,1

8,4

Казахстан

7,5

11,3

5,5

4,2

Кыргызстан

9,7

15,8

2,4

3,0

Россия

4,9

6,7

4,8

2,7

* Улуттук статистика кызматынын маалыматы боюнча.

1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо.

 

______________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.01.2021, 15:08