Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттериндеги керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли жөнүндө

Басылмалардын датасы: 13.07.2018


Үстүбүздөгү жылдын июнунда мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын эң көп өсүшү (0,5 пайызга) Россияда катталды. Ошондой эле, ү.ж. июнунда керектөө бааларынын өсүшү Казакстан Республикасында (0,2 пайызга) жана Беларусь Республикасында (0,4 пайызга) белгинленген, ал эми ЕЭАБ мүчө-мамлекеттеринин башка өлкөлөрүндө алардын төмөндөшү байкалган.

ЕЭАБ мүчө-мамлекеттериндеги керектөө керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүү+; төмөндөө-)

 

Июнь-
майга карата

Июнь
мурунку жылдын декабрына карата

Орточо арым өсүүсүөмөндөшү)
январь-июнда карата

2017

2018

2017

2018

2017

2018

             

Армения

-0,9

-1,6

1,2

-0,6

0,2

-0,1

Беларусь

0,7

0,4

3,4

2,9

0,6

0,5

Казакстан

0,4

0,2

3,7

2,6

0,6

0,4

Кыргызстан

0,4

-0,2

2,8

-0,1

0,5

0,0

Россия

0,6

0,5

2,3

2,1

0,4

0,3

* Улуттук статистика кызматынын маалыматы боюнча.

Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып (ү.ж. майында өткөн жылдын декабрына салштырмалуу) инфляциянын максималдуу денгээли (2,9 пайыз) Беларусь Республикасынын экономикалык керектөө секторунда белгиленген. Муну менен, ү.ж. январь-июнунда азык-түлүк товарларга болгон баалар (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошуп) Казакстан Республикасында эн көп 2,9 пайызга кымбаттаган, ал эми Кыргыз Республикасында жана Арменияда, тескерисинче, алардын төмөндөшү бир пайызга жана 3,0 пайызга, тиешелүү байкалган.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар жана тарифтер Казакстан Республикасында (2,5 пайызга), кызмат көрсөтүүлөр - Беларусь Республикасында (5,3 пайызга) эң жогорку даражада өскөн.

2018-жылдын июнундагы ЕЭАБ өлкөлөрү боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли

(пайыз менен, өсүү+; төмөндөө-)

 

Керектөө

бааларынын
индекси

анын ичинде:

азык-түлүк

товарлар1

азык-түлүк эмес товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

         
 

Мурунку айга карата

Армения

-1,6

-3,4

-0,3

-0,1

Беларусь

0,4

0,7

0,1

0,4

Казахстан

0,2

-0,1

0,4

0,3

Кыргызстан

-0,2

-0,4

0,1

-0,4

Россия

0,5

0,4

0,4

0,7

 

Мурунку жылдын декабрына карата

Армения

-0,6

-2,4

1,9

1,1

Беларусь

2,9

2,4

2,0

5,3

Казахстан

2,6

2,9

2,5

2,4

Кыргызстан

-0,1

-1,0

-0,6

3,5

Россия

2,1

2,2

2,3

1,7

         

* Улуттук статистика кызматынын маалыматы боюнча.

1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди кошкондо.

__________________________________________________________________________ 

Баалар статистикасы бөлүмү     |e-mail: ceny@stat.kg;          |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.08.2018, 16:03