2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун логотипи бекитилди

Басылмалардын датасы: 22.03.2019


Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча логотипти иштеп чыгуудагы конкурстук тандап алуунун жыйынтыгы боюнча  долбоордун автору Ибраимов Бакай жеңүүчү  болуп аныкталды, логотип Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин буйругу менен бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоонун логотипин иштеп чыгуу боюнча конкурстук тандап алууну өткөрүү жөнүндө” буйругунун  6-пунктуна ылайык  жеңүүчүгө  50 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык берилет.

   

     

 

 


Акыркы жаңылоо: 22.03.2019, 17:41