2016-жылы негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн көбөйүүсү белгиленди

Басылмалардын датасы: 16.01.2017


2016-жылдын январь-декабрында алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын көлөмү 133 млрд. сомдон көбүн  түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 1,5 пайызга, тышкы булактардын эсебинен - 7,1 пайызга өстү.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 74 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) объекттеринин курулушуна, транспорт ишмердиги жана турак жай курулушуна багытталган.

Турак жайдын 1084 миң чарчы метри пайдаланууга берилди, бул 2015-ж. караганда 11,5 пайызга аз.

10367 окуучу орундуу жалпы билим берүүчү мектеп, 1408 орундуу мектепке чейинки мекемелер, 439 кезметине келүүчү амбулатордук-бейтапканалык мекеме, ошондой эле 155 койкалуу оорукана ишке киргизилди.

______________________________________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын

 инвестиция статистикасы бөлүмү

|e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 16.01.2017, 17:08