2020-жылы тамактануу ишканаларынын жүгүртүүсүнүн көлөмү 39 пайызга кыскарды

Басылмалардын датасы: 27.08.2021


2020-жылы тамактануу ишканаларынын жүгүртүүсүнүн көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 39 пайызга төмөндөө менен 15 млрд. жакын сомду түздү. Мындай төмөндөө коронавирус инфекциясынын (COVID 19) жайылышына байланышкан чектөө чараларынын киргизилиши менен шартталды. Муну менен бирге, даяр тамак-аш менен камсыздоо боюнча мобилдик жана башка кызмат көрсөтүүчү чарбалык субъекттердин (ресторандар, барлар жана башка тамактануу ишканаларынын) саны 2019-жылдагы 4 547 ден 2020-жылы 4 446 га чейин төмөндөдү.

Тамактануу ишканаларынын жүгүртүүсүнүн көлөмдөрүнүн 2019-жылга салыштырмалуу кыскарышы, республиканын бардык аймактарында, бирок көбүрөөк Ысык-көл (68 пайыздан ашык) жана Талас (48 пайызга жакын) облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында (42 пайыз) байкалды.

Тамактануу ишканаларынын жүгүртүү көлөмү

 

Млн. сом

Мурунку жылга карата пайыз менен

2019

2020

2019

2020

Кыргыз Республикасы

22 283,1

14 864,3

107,4

60,7

 Баткен облусу

1 023,0

887,9

102,8

77,8

 Жалал-Абад облусу

3 054,7

2 123,7

104,3

63,2

 Ыcык-Көл облусу

364,7

198,9

102,6

31,8

 Нарын облусу

83,2

55,7

102,0

60,5

 Ош облусу

1 162,9

954,5

103,1

75,4

 Талас облусу

253,3

151,4

105,1

52,2

 Чүй облусу

1 529,2

1 020,1

106,4

60,7

 Бишкек шаары

11 964,5

7 641,9

109,8

57,8

 Ош шаары

2 647,6

1 830,2

106,2

65,0

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

_________________________________________________________________

 Соода, МКТ жана туризм статистикасы башкармалыгы | e-mail: ltekeeva@stat.kg| 
тел. + 996 (312) 324 650, 324 725,324 918.

Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы бөлүмү e-mail: vmambetalieva @stat.kg | тел. + 996 (312) 324725

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгј милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 27.08.2021, 14:21