Бишкекте “Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын статистикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу” долбоору боюнча негизги жыйынтыктар” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 13.12.2018


Бүгүн, 2018-жылдын 13-декабрында, “Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын статистикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу” долбоору боюнча негизги жыйынтыктар” темасында тегерек стол болуп өттү. Иш чара Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын статистикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу” долбоорунун чегинде уюштурулду.

Долбоорду ишке ашыруунун максаты, эл аралык стандарттарга ылайык келген жана колдонуучулардын керектөөлөрүнө жооп берген, ишенимдүү жана өз убагындагы статистикалык маалыматтарды түзүүчү жана жайылтуучу, Кыргыз Республикасынын статистикалык системасынын потенциалын мындан ары жакшыртуу. Долбоор 2015-2019-жылдарга статистиканы өнүктүрүүнүн Өрто мөөнөттүү программасын колдоо үчүн иштелип чыккан. Бул долбоордун негизги демилгечиси жана керектөөчүсү болуп, Кыргыз Республикасында статистиканын негизги өндүрүүчүсү, Улуттук статистика комитети эсептелет.

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Өкмөтүнүн Аппаратынын, Жогорку Кеңешинин,  министрликтеринин, мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү  катышты.    

Иш чаранын катышуучуларына Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын статистикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу” долбоорун ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана жылдыруу, колдонуучуларды канаатандыруучу статистикалык маалыматтардын сапатын жана жайылтууну жакшыртуу, ошондой эле, Дүйнөлүк банк менен каржылоого пландаштырылып жаткан, “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин IT инфраструктурасын жакшыртуу” жаңы долбоору жөнүндө маалыматтар берилди. 

Иш чара, жалпысынан, жылуу достук маанайда, ийгиликтүү өттү.

 

 


Акыркы жаңылоо: 19.12.2018, 15:27