Бишкекте FPMA Tool биринчи онлайн инструментинин презентациясы болуп өттү

Басылмалардын датасы: 05.12.2017


Бүгүн Бишкекте, Улутстаткомдун,   ФАО уюмунун, министирликтердин, мекемелердин жана Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, FPMA Tool керектөө продукттарына бааларга мониторинг жүргүзүү үчүн биринчи онлайн инструментинин презентациясы болуп өттү.

Салашуу менен чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Люксина Текеева  FPMA Toolдун ички жана тышкы рыноктордо азык-түлүккө баалардын өсүшү жөнүндө маалыматтарды таратууда жардам берүүчү инструмент болуп эсептелерин белгиледи.  Инструмент мамлекеттик органдарга, ошондой эле, эл аралык өнөктөштөргө күн сайын жана жума сайын убакыт аралыгы менен, түрдүү рыноктордо товарлардын кенен тизмеси боюнча баалар жөнүндөгү маалыматты жеңил көзөмөлдөөгө, талдоого жана таратууга мүмкүндүк берет.

Бул инновация базада сакталган маалыматтардын чоң көлөмүнө жөнөкөй жеткилик жөндөмүн камсыздайт. Бул керектөөчүлөргө бааларды бат карап, товарлардын, рыноктордун, өлкөлөрдүн ортосунда салыштырууларды жүргүзүүгө, ошондой эле, графиктерди, маалыматтарды жана базалык статистикалык көрсөткүчтөрдү чыгарып алууга мүмкүндүк берет.

 

 


Акыркы жаңылоо: 05.12.2017, 17:31