Бишкекшаарстатта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Басылмалардын датасы: 20.09.2019


Бүгүн, 2019-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш чарага Улутстаткомдун аппарат жетекчиси Эльмира Алымкулова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Айзаратбек Эсенов катышты.

Коноктор маданият, тил жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүштү, ошондой эле башкармалыктын эмгек жамаатын айрым чыгармалары менен тааныштырышты.

Маарекени майрамдоо алкагында башкармалыктын айрым кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.


Акыркы жаңылоо: 20.09.2019, 16:23