Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын 60 жылдык мааракеси белгиленди

Басылмалардын датасы: 25.04.2019


2019-жылдын 24-апрелинде Улутстаткомдун Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын түзүлгөнүнө 60 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.

Майрамды белгилөөдө эмгек ардагерлери да чакырылды.

Салтанаттуу иш-чарага Улутстаткомдун, Башкы эсептөө борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын, Шаардык Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук муниципалдык администрацияларынын, Мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана коомдук тейлөөнүн кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жетекчилери катышып, алар Бишкекшаарстаттын эмгек жамаатын майрамы менен куттукташты.

Башкармалыктын айрым кызматкерлерине жаратман жана үзүрлүү эмгектери үчүн мекемелик сыйлыктар тапшырылды.

Эмгек жамааттын коомдук иштерине жигердүү катышкандыгы үчүн Бишкекшаарстаттын айрым кызматкерлери Мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана коомдук тейлөөнүн кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле, маарекенин алкагында «ММ кызмат» гезитинин 2019-жылдын 23-апрелиндеги №16 (300) санында «Бишкекшаармамстатка-60 жыл» деген тематикалык макала жарык көрдү.

 


Акыркы жаңылоо: 26.04.2019, 10:09