2019-жылдын 9-декабрында Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгында «Статистика бардыгы үчүн» темасында ачык эшиктер күнү болуп өттү

Басылмалардын датасы: 10.12.2019


Иш-чарада шаардык башкармалыктын жетекчисинин орун басары Ж.О.Тенизбаева куттуктоо менен чыгып, мамлекеттик статистиканын бирден бир маанилүү милдеттери болуп бардык категориядагы пайдалануучуларга статискалык маалыматтарды алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүп жана аларга ишенимдин денгээлин жогорулатууну камсыздоо болуп саналарын белгиледи. Азыркы учурда БШМСБ берилген баштапкы статистикалык маалыматтарды андан ары иштетүү үчүн, алардын мындан ары да жеткилеңдигин жана сапатын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Иш-чара шаардын 4 райондорунун Муниципалдык администрацияларынын, отчет берүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттеринин өкүлдөрүнүн, МАБдардын жетекчилеринин жана шаардык кызматтардын катышуусунда өттү.

Башкармалыктын жооптуу кызматкерлери катышкандарды Бишкек ш. эмгек акы жана эмгек рыногу, борбордогу баалардын жана тарифтердин абалы менен тааныштырышты. Ошондой эле, 2019-ж. аягында өтө турган малдарды жана үй канаттууларды эсептөө боюнча маалыматтар берилди.

Жалпы жонунан иш-чара жылуу жана достук маанайда өттү, катышуучулар пикирлери менен алмашышты, конструктивдүү жана маалымат арттыруучу алым-сабак болду.

Презентациялар:

  1. Бишкек ш. эмгек акы жана эмгек рыногу
  2. Бишкек ш. боюнча бааларды жана тарифтерди каттоо

Акыркы жаңылоо: 10.12.2019, 16:17