Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгында борбордун райондук администрацияларынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 26.06.2019


Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 26 июнунда, Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгында экономикалык маселелерди тейлеген Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешменин жүрүшүндө шаардын чарба субъекттерин статистикалык отчёттуулук менен камтуу жана тапшыруу маселелери каралды.

Өз кезегинде, чакырылган тараптар тарабынан шаардагы жүрүп жаткан экономикалык жана муниципалдык объектерди инвентаризациялоо боюнча маалыматтар берилди.

Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгы жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары арасында тыгыз кызматташтыкты улантуу чечими кабыл алынды.


Акыркы жаңылоо: 26.06.2019, 17:38