Өткөн жылдын декабрында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды

Басылмалардын датасы: 12.01.2018


2017-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүүсү жалпы республика боюнча 0,7 пайызга белгиленди. Эң олуттуу 2017-жылдын декабрында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 1,5 пайызга жогорулады. Ошентип, олуттуу жаңы бышкан жашылчалар (14,4 пайызга), картошка (9,0 пайызга), куюп сатылуучу сүт (5,2 пайызга), жумуртка (3,6 пайызга) кымбаттады. Ошол эле мезгилде, 2017-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу баалардын төмөндөшү кумшекерге (1,4 пайызга), акшакка (2,5 пайызга), балыкка (бир пайызга), койдун этине (0,9 пайызга), өсүмдүк майына (0,2 пайызга) жана нанга (0,2 пайызга) байкалды.

2017-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу жалпы республика боюнча баалар жана тарифтер тамекиге 1,4 пайызга, кызмат көрсөтүүлөргө - 0,7 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге - 0,2 пайызга жогорулады. Муну менен бирге, 2017-жылдын декабрында баалардын төмөндөшү жалпысынан азык-түлүк эмес товарларга 0,3 пайызга катталды, бул негизинен алардын катуу отунга (5,0 пайызга), суюлтулган газга (2,2 пайызга) жана фармацевтикалык продукцияларга (0,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталды.

2017-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды, муну менен бирге алардын эң көп өсүүсү (2,6 пайыз) Ош облусунда, ал эми минималдуу (0,1 пайыз) - Баткен облусунда катталды. Муну менен бирге, Ош облусунда башка региондорго салыштырмалуу баалар олуттуу тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (3,7 пайызга), алкоголдук ичимдиктер жана тамекиге (2,1 пайызга) жана азык-түлүк эмес товарларга (2,4 пайызга) жогорулады. Баткен облусунда, тескерисинче, 2017-жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу баалардын төмөндөшү азык-түлүк эмес товарларга (0,8 пайызга) жана алкоголдук ичимдиктерге (0,1 пайызга) белгиленди, ал эми баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 0,3 пайызга жогорулады.

 

Баалардын статистикасы бөлүмү                  |e-mail: ceny@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 625825, 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.01.2018, 13:41