Токмок шаарында пилоттук (сынамык) эл жана турак жай фондун каттоосунун үлгүсүндө окутуу семинары өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 27.03.2019


БУУнун  Фондунун калк тармагында (ЮНФПА) «Демографиялык маалыматтарды чогултуу, талдоо жана таркатуу жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика  системасын бекемдөө» долбоорунун алкагында, Россия Федерациясынын финансылык колдоосу менен, 28 - 29 - мартта Токмок шаарында мамлекеттик статистика органдарынын адистери үчүн Чүй районундагы жана Токмок шаарындагы пилоттук (сынамык) эл жана турак жай фондун каттоосунун үлгүсүндө  эки күндүк окутуу семинары өткөрүлөт.

Бул семинардын катышуучуларынын алдында  пилоттук (сынамык) каттоонун жүрүшүн, каттоо кагаздарын жана уюштуруу-технологиялык жактан камсыздоону талдоо, ошондой эле каттоону өткөрүү боюнча практикалык билимдерди алуу турат.

_____________________________________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү  e-mail: r.chynybaeva@stat.kg    тел. + 996 (312) 32 53 36

 


Акыркы жаңылоо: 27.03.2019, 15:30