2020-жылдын I кварталында 75 млрд. сомго жакын өнөр жай продукциялары өндүрүлдү

Басылмалардын датасы: 14.04.2020


     2020-жылдын январь-мартында 75 млрд. сомго жакын өнөр жай продукциялары өндүрүлдү, бул мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайызга көп. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда өндүрүүнүн көлөмү 4,3 пайызга азайып, 35,7 млрд. сомду түздү.
    Пайдалуу кендерди казуу тармагында продукцияны өндүрүү 16,1 % пайызга жогорулады, иштетүүчү өнөр жайында – 2,8 %, ошондой эле электр энергия, газ, буу менен камсыз кылуу 8,7 % азайды, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү 4,6 % азайды.

Экономикалык иштердиктин негизги түрлөрү боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмү (январь-март 2020-ж.)
ндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнө карата % менен)

      

 

     2020-жылдын январь-мартында иштетүүчү өнөр жайында өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын суммасы 56,5 млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, физикалык көлөмүнүн индекси 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 102,8 % түздү.
     2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу эң чоң өсүш негизги металлдарды жана даяр металл продукцияларын өндүрүүдө (7,5 %), текстиль өндүрүшүндө (15,4 %), кийим өндүрүшүндө (19,7 %), фармацевтика өндүрүшүндө (2,9 %) жана тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки  өндүрүшүндө (4,3 %) байкалды.
    Тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки өндүрүүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-мартында 4,3 % жогорулады, бул негизинен тамак-аш азыктарын өндүрүү көлөмүнүн 6,3 %  өсүшү менен байланыштуу. Өндүрүү көлөмүнүн өсүшү төмөндөгү азыктардын көлөмүнүн өсүшү менен шартталды:
 - сүт азыктарын - на 58 %. Сүт азыктарын өндүрүү көлөмүнүн жогорулашы негизинен сыр жана сырдан жасалган продукцияларды  өндүрүү (1,4 эсеге), иштетилген суюк сүт (2,1 эсеге), каймак майын өндүрүү (1,9 эсеге) көлөмүнүн өсүшү менен байланыштуу;
- эт азыктарын – 14,6 %, бул негизинен колбаса продукцияларын өндүрүү (1,4 эсеге), консерваланган жана даярдалган эт жана үй канаттууларынын эт субпродуктуларын өндүрүү (2,8 эсеге) көлөмүнүн өсүшү менен байланыштуу;
- узак мөөнөткө сакталуучу кургатылган нан, кондитердик азыктарын өндүрүү – 29,5 %;
- сахар өндүрүү – 14,7 %.
    Ушуну менен бирге, ун өндүрүүнүн көлөмү 32,1 %, макарон азыктарын  өндүрүү 19 %, өсүмдүк жана малдын майларын өндүрүү көлөмүнүн 21,3 %  азайгандыгы белгиленди.  Ошондой эле, ичимдиктерди өндүрүүнүн көлөмү 2,7 % азайды, бул негизинен  дистирленген алкоголь ичимдиктерин  өндүрүү көлөмүнүн 7,5 %, пиво өндүрүү көлөмүнүн 20,2 %  азайышы менен байланыштуу.  
 

Иштетүүчү өнөр жайынын түзүмү  (январь-март 2020-ж.)
(жыйынтыкка карата % менен)

     2020-жылдын январь-мартында текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды өндүрүүнүн көлөмү 21,3 % өстү, бул текстиль өндүрүшүнүн 15,4 %, кийим өндүрүүнүн 19,7 %, булгаарыдан жасалган башка буюмдарды жана бут кийим өндүрүүнүн 45,9 % жогорулашы менен шартталды.
   2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу негизги металлдарды жана даяр металл продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 7,5 % өстү, бул негизинен сплав түрүндөгү баалуу металлдарды өндүрүүнүн көлөмү 7,2 %, иштетилбеген баалуу металлдарды өндүрүү жана тазалоо көлөмү 6,7 % өсүшүнүн эсебинен болду.
  Фармацевтика продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,9 % өсүшү, жаратты таңуучу желим материалдарды, кетгут жана ушул сыяктуу материалдарды өндүрүү көлөмүнүн жогорулашы менен шартталды.
   2020-жылдын январь-мартында башка металл эмес минералдык продуктыларын өндүрүүнүн көлөмү мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22,2 % азайышы, цемент өндүрүүнүн 34,6 %, акиташ жана гипс өндүрүү көлөмүнүн 28,4 % азайышы менен шартталды.
   Мунайзат продукттарын өндүрүүнүн көлөмү мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 56,7 % кыскарды. Өндүрүү көлөмүнүн азайышы бензин  өндүрүүнүн 87 % пайызга чейин, дизелдик майын өндүрүүнүн 39 % азайышы менен байланыштуу.
    Химиялык продукцияларды өндүрүүнүн көлөмү мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,7 % төмөндөдү, бул самын жана жуучу каражаттарды, тазалоочу каражаттарды өндүрүүнүн 37,4 %, башка химиялык продукцияларды өндүрүү көлөмүнүн 27,6 % азайышы менен шартталды.
   Пайдалуу кендерди казуунун көлөмү 2020-жылдын январь-мартында 4,6 млрд. сомду түздү, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 116,1% түздү. Пайдалуу кендерди казуунун көлөмүнүн мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүшү чийки мунайзат жана жаратылыш газын өндүрүүнүн 27,9 %, металл рудаларын – 19,2%, көмүр казуунун 4,4 % өсүшү менен шартталды. Муну менен бирге, башка пайдалуу кендерди казуунун көлөмү 36,9 % төмөндөдү.
    2020-жылдын январь-мартында электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоонун көлөмү 8,7 % азайып, 13,1 млрд. сомду түздү, бул электр энергияны өндүрүү жана бөлүштүрүүнүн 11,3 % кыскарышы менен байланыштуу.
    Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты өндүрүүнүн көлөмү 720,5 млн. сомду, ал эми физикалык көлөмүнүн индекси 95,4 % түздү.
  2020-жылдын январь-мартында өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү Ош областы, Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары бардык областтардын чарба субъекттери тарабынан камсыздалды.

Январь-марттагы аймактар боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү

 

Өндүрүлдү,
млн. сом

Физикалык көлөмдүн индекси,
мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу % менен

2019

2020

2019

2020

Кыргыз Республикасы

63769,9

74935,0

114,5

100,6

  Баткен областы

748,4

720,2

129,9

104,7

  Жалал-Абад областы

6306,8

7794,9

103,3

104,9

  Ыссык-Көл областы

14828,7

18456,1

146,4

101,0

  Нарын областы

547,5

651,3

98,4

106,5

  Ош областы

2090,1

1418,8

128,5

65,4

  Талас областы

340,9

413,4

97,9

107,2

  Чуй областы

28271,8

34612,6

101,9

101,0

  Бишкек ш.

9250,1

9480,0

129,8

91,1

  Ош ш.

1385,6

1387,7

105,1

92,0

 

 

____________________________________________________________

 

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү |e-mail: a.mamanova@stat.kg |

тел. + 996 (312) 664044

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 14.04.2020, 15:10