Өткөн жылда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы белгиленди

Басылмалардын датасы: 12.01.2018


2017-жылдын январь-декабрында  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 3,7 пайызды түздү, 2016-жылдын ошол эле убагында керектөө бааларынын жана тарифтеринин 0,5 пайызга төмөндөшү белгиленди.

Муну менен, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын жогорулашы жалпысынан 2,7 пайызга белгиленген. Эң жогорку даражада картошканын - 34,5 пайызга, жаңы бышкан жашылчалардын - 15,5 пайызга, жаңы союлган эттин - 8,8 пайызга, бышырылган азыктардын - 7,0 пайызга, балдын - 6,4 пайызга, койдун тоң майынын - 5,5 пайызга, кофенин - 4,7 пайызга жана колбаса азыктарынын - 4,0 пайызга баалары өстү. 

Муну менен бирге, 2017-жылдын декабрында мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу баалардын олуттуу төмөндөшү акшакка - 14,6 пайызга, жаңы бышкан жемиштерге - 13,8 пайызга, кумшекерге - 10,7 пайызга, жаңы кармалган жана муздатылган балыкка - 4,9 пайызга, үсүмдүк майына - 3,5 пайзга жана жумурткага - 2,5 пайызга катталды.  

Азык-түлүк эмес товарлардын керектөө бааларынын деңгээли 2016-жылдын декабрына салыштырмалуу 3,2 пайызга көтөрүлдү. Муну менен, пол үчүн килем жана каптагычтарды (5,8 пайызга төмөн), турмуш-тиричилик приборлорду (4,7 пайызга төмөн), майда аспаптар жана ар түрдүү жабдууларды (3,8 пайызга төмөн), жыгач отунду (3,0 пайызга төмөн) жана кыска мүүнүттүк колдоонуудагы турмуш-тиричилик товарларды (0,2 пайызга төмөн) кошпогондо, азык-түлүк эмес товарлардын дээрлик бардык түрлөрүнө баалардын жогорулашы байкалган.

2017-жылы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) тамекинин баалары (24,1 пайызга) олуттуу өстү, ошол эле убакта алкоголдук ичимдиктерге тескерисинче алар 2,7 пайызга төмөндөгөн.

2017-жылдын январь-декабрында  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери жалпы республика боюнча 6,9 пайызга өстү. Муну менен, тарифтер аба жол жүргүнчү транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүндө (20,8 пайызга),  турак жайларды күнүмдүк күтүү жана оңдоодо (13,2 пайызга), уюлдук байланышта (11,7 пайызга), коомдук тамактанууда (11,4 пайызга), чачтарач кызмат көрсөтүүлөрүндө (9,2 пайызга), кийим тигүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүндө (6,7 пайызга) жана маданий иш-чараларды уюштурууда (6,1 пайызга) олуттуу өстү. Муну менен катар, ү.ж. башынан бери эл аралык автомобилдер менен жүргүнчүлөрдү ташуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери 6,2 пайызга жана темир жол жүргүнчү транспортунун кызмат көрсөтүүлөрү 3,1 пайызга төмөндөгөн.

Муну менен, 2017-жылы керектөө бааларынын өсүшү республиканын бардык аймактарында байкалды. Алардын эң көп жогорулашы Ош облусунда (11,1 пайызга) катталды, бул негизинен башка аймактар менен салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарындын (9,5 пайызга), тамекинин (1,6 эсеге) жана азык-түлүк эмес товарлардын (14,7 пайызга) бааларынын максималдуу жогорулашы менен шарталды.  Ал эми керектөө бааларынын жана тарифтердин эң аз өсүшү Бишкек ш. (2,3 пайыз) белгиленди. 

 

Баалардын статистикасы бүлүмү                  |e-mail: ceny@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 625825, 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.01.2018, 13:51