Үстүбүздөгү жылдын июль айында экономиканын төмөндөгөнү уланууда

Басылмалардын датасы: 11.08.2020


2020-жылдын январь-июль айында Улуттук дүң өндүрүмдүүлүк, алдын ала маалымат боюнча, 282 миллиард сомдү түзүп, 2019-жылдын январь-июлуна караганда 6,1 пайызга төмөндөдү.

 “Кумтөр” алтын кен иштетүүчү ишкананы эске албаганда УДПнын көлөмү 2020-жылдын январь-июлуна карата 244 миллиард сомду түзүп, 7,7 пайызга азайды.

Улуттук дүң өндүрүмдүүлүк
(былтыркы жылга карата пайыз менен берилди )

2020-жылдын январь-июлуна карата өнөр-жай продукциясы 180 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул маалына караганда 0,9 пайызга азайды. Негизинен күйүүчу май өндүрүүнүн (59 пайызга), кездеме жана кийим-кече, бут кийим, булгаары жана андан жазалган буюмдардын өндүрүүнүн (20 пайызга), жыгач жана кагаз өнөрдүрүүнүн, полиграфия ишмердигинин (18,5 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарынын жана темир эмес буюмдарынун (16,5 пайызга), тамак-аш өндүрүүнүн (ичимдикти эске алганда) жана тамеки кездемелеринин (5,3 пайызга), ошондой эле баалуу металлдарды казуунун көлөмүнүн өндүрүмү (4,2 пайызга) азайгандыгы менен шартталды.

Өнөр-жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалатанын көлөмү - 8,9 пайызга азайды,  дүң жана чекене соода тармагы - 17,6 пайызга төмөндөсө, айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

2020-жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 2,5 пайызга өстү, бул  тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына (4,9 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (5,5 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталды. Ушул эле учурда, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу июнь айында азык-түлүк эмес товарлардын баалары 0,8 пайызга төмөндөдү, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 2019-жылдын декабрь айында калыбында сакталды.

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (5,4 пайыз). Бул башка региондорго салыштырмалуу, баалардын тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга (11,9 пайызга) көбүрөөк жогорулаганы менен шартталды.    

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январ-июнь айларында 2 577,4 млн АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январ-июнуна салыштырмалуу 22,4 пайызга төмөндөдүушул эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 2,4 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 32,2 пайызга кыскарды. 

2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  1 054,8 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-июнга салыштырмалуу 17,3 пайызга азайган.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр - 25 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр - 15 пайызга төмөндөдү.  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (67,6 пайызы) жана Казакстанга (30,3 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

 (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

*******

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманнбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү.(“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси). Толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу боюнча КР Улуттук статкомунун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 14.08.2020, 10:44