Кыргызстанда эрте никеге туруу азайууда.

Басылмалардын датасы: 19.01.2021


Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда көп. 2019-жылы ар бир 100 аялга 99 эркек туура келген. Бул эркектердин мезгилсиз өлүмүнүн жогорку деңгээлине байланыштуу, бул аялдардын аналогикалык көрсөткүчүнөн 1,3 эсе жогору.

2019-жылы төрөлгөндөгү жашоонун күтүлгөн узактыгы аялдар үчүн 76 жаш, жана эркектер үчүн 68 жаш түздү. Ошентип, орто эсеп менен аялдар эркектерге караганда 8 жылга көп жашашат. Аялдардын 90 пайызы пенсияга чыгуу курагына чейин жашашы ыктымал, эркектердин 70 пайызы гана. Азыркы 60 жаштагы аялдар дагы 20 жылга жакын, эркектер 14 жылга жакын жашоо ыктымалдуулугуна ээ болушат.

2019-жылы 88 765 эркек бала төрөлдү, бул кыздарга (84 719) караганда дээрлик 5 пайызга көп. Никеге чейинки жаш курактагы (15-17 жаштагы) аялдар тарабынан төрөлгөндөрдүн санынын төмөндөшү байкалган: 2015-жылы ушул курактагы аялдардын 1000ине 7,0 баладан 2019-жылы 5,7 балага чейин.

18-19 жаштагы аялдар арасындагы төрөт коэффициенти 2015-жылы ушул курактагы 1000 аялга 92,5 баладан, 2019-жылы 87,3 балага чейин төмөндөгөн. Биринчи бала төрөөдөгү эненин орточо жаш курагы 22,6 жашты, ал эми биринчи никеге тургандагы орточо курагы 23,6 жашты түзгөн.

Никелердин эң көп саны 20-29 жаш курагында аялдардын (66%) арасында да, эркектердин арасында да (70% дан жогору) катталды.

Ошол эле учурда ажырашуу деңгээли жогору бойдон калууда. Алардын дээрлик ар бир бешинчиси ажырашууда жана 1000 никеге 222 ажырашуу туура келет. Айыл жеринде 1000 никеге 154кө жакын ажырашуу туура келсе, шаар жеринде дээрлик  2,4 эсеге жогору.

Кыргызстандыктардын 98 пайызы өз жарандары менен баш кошушат - 2019-жылы жалпысынан 48551 нике. 2019-жылы кыргызстандык эркектер Өзбекстандын жарандыгына ээ болгон кыздар менен 469 никеге, ал эми Россиянын жарандыгына ээ болгон кыздар менен 285 никени түзүшкөн. Ошол эле учурда кыргызстандык аялдар Россиянын жарандыгына ээ болгон эркектер менен 350 нике, өзбектер менен 78 никеге турушкан.

 

___________________________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru, e-mail: social-nsc@mail.ru, тел.+996(312) 664042.

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)

 


Акыркы жаңылоо: 19.01.2021, 15:51