Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоонун жаңы системасы киргизилүүдө

Басылмалардын датасы: 17.04.2018


Бүгүн, 17-апрелде,  Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана АКШ Өкмөтү менен кызматташууда уюштурулган тегерек столдо Кыргызстандын Өкмөтү гендердик зомбулук жана адамдарды сатуу чөйрөсүндө мамлекеттик жана административдик статистика маалыматтарын топтоонун жаңы  системасын сунуштады.

  «Гендердик басмырлоо, зомбулук жана адам сатуу боюнча улуттук статистикалык отчеттуулукту топтоо жана талдоо процессине Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин кошкон олуттуу салымын белгилей кетүүгө болот, бул коомдун жашоосунда болгон тенденциясын аныктоого жана ушул тармакта мамлекеттик саясатты жана тийиштүү стратегиялык программаларды иштеп чыгууга көмөктөшөт. Туруктуу Өнүгүү Максаттары мониторингинин улуттук системасын түзүү боюнча маселелерди чечүүдөгү өзөктүү орунду да Улутстаткомго ыйгарууга болот, ал азыркы учурда ТӨМдүн улуттук индикаторлорун иштеп чыгуу процессин координациялайт» - деп белгиледи КР Улутстаткомунун Төрагасынын кеңешчиси  Бекен Кенжебаев.

 «Улуттук статистика комитети, Ички иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Жогорку сот жана кризистик борборлор сыяктуу негизги мекемелерде маалымат топтоо үчүн статистикалык формалар кайрадан каралып чыкты жана жаңыланды. Бул биздеги абалды көзөмөлдөөгө, тенденцияларды талдоого жана ушундай олуттуу кылмыштардын алдын алууга жана аларга жооп кайтаруу боюнча максаттуу багытталган чараларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», - деп белгиледи Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендердик саясат бөлүмүнүн башчысы Роза Бекматова.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү гендердик зомбулук жана адамдарды сатуу чөйрөсүндө мамлекеттик жана административдик статистика маалыматтарын топтоонун колддонуудагы методологияларынын натыйжалуулугун баалоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түздү, жана жакында эле кабыл алынган “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана “Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде аларды өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыкты.


Акыркы жаңылоо: 20.04.2018, 09:23