Улутстаткомдо Жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликтеаялдардын жумуш менен камсыздуулугу жана ишкердик ишмердүүлүктөгү ролу маселеси талкууланды

Басылмалардын датасы: 27.07.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 27-июлунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде “Экономикалык өнүгүү үчүн эффективдүү башкаруу” Программасынын (EGED) каржылык колдоосу менен “Иш менен камсыздоо. Ишкердик. Аялдар” темасында семинар болуп өттү.

Семинардын катышуучуларына кириш сөзү менен Улутстаткомдун Төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева жана “Өнүктүрүү саясаты Институту” коомдук уюмунун Төрайымы Надежда Добрецова кайрылышып, өз сөздөрүндө ушул сыяктуу семинарлар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда оң натыйжаларын берерин билдиришти.

Семинардын алкагында, Улутстаткомдун кызматкерлери жарандык коомдун өкүлдөрүн Улутстаткомдун расмий сайты, ошондой эле тармактар жана аймактар боюнча жумуш менен камсыздуулуктун түзүмү, ишкердүүлүктүн түзүмү, жынысы, жаш курагы жана аймактар боюнча ишкердүүлүктүн өнүгүү динамикасы менен тааныштырышты.

Тараптар статистикалык маалыматтарды даярдоо жаатында коомчулуктун кызыгуусу менен керектөөсүн, ошондой эле аялдардын эмгек менен камсыздуулугун жана алардын ишкердик ишмердүүлүгүндөгү орду жана ролу боюнча статистикалык маалыматтарды таркатуудагы Улутстатком менен колдонуучуларынын ортосундагы кынтыксыз кызматташууга ишеничтерин билдиришти.

Белгилей кетсек, аталган семинар Улутстатком менен “Өнүктүрүү саясаты Институту” Коомдук уюмунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө кол коюлган Меморандумдун жүзөөгө ашыруу алкагында өткөрүлүп жатат.

         

         

         

         

         


Акыркы жаңылоо: 28.07.2022, 16:22