Эл каттоо 2020: Улутстатком каттоочуларды окутуу семинарларын өткөрөт

Басылмалардын датасы: 24.02.2020


Улутстаткомдо 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун электрондук форматта каттоо маселелери боюнча окутуу семинарлар өтөт.

“Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомун аткаруу үчүн жана каттоону өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында Улутстаткомдо жана анын аймактык бөлүмдөрүндө үстүбүздөгү жылдын 25-февралынан 29-февралына чейин убактылуу персонал үчүн окутуучу семинарлардын серияларынын биринчи этабы өткөрүлөт. Ошону менен бирге, жалпы республика боюнча каттоо иштерине тартылган 500дөн ашык координаторлор окутуудан өтүшөт.

Семинарлардын жүрүшүндө координаторлордун милдеттерин, иш боюнча көрсөтмөлөрдү,  мобилдик тиркемеде камтылган электрондук суроо барактарынын мазмунун, ошондой эле аларды толтуруу тартибин деталдуу түрдө кароо пландаштырылууда.

2020-жылы 23-марттан 1-апрелге чейинки мезгилде өлкөнүн бардык аймагында эл жана турак жай фондун каттоо бир убакытта өткөрүлөт. Шарттары татаал аймактарда каттоо иши 20-апрелинен 29-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоо бөлүмүнүн координатору катары 506 адам ишке алынат. 2 556 адам инструктор – контролер жумушка алынат. Мындан тышкары 24 837 каттоочу адам ишке алынат.

 

 

____________________________________________________________________________________

Отдел статистических переписей |   e-mail:rchynybaeva@stat.kg;      |   тел. + 996 (312) 325336

При использовании статистических данных в средствах массовой информации и научных трудах, распространении в информационных сетях, на бумажных, магнитных и иных носителях пользователи обязаны ссылаться на их источник (ст. 17 Закона о Государственной статистике).


Акыркы жаңылоо: 02.03.2020, 15:40