Улутстаткомдо ыйман, адеп жана маданиятка арналган иш-чара өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 03.08.2017


Бүгүн, 3-августта, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин            2017-жылдын 5-январындагы №1 “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык иш чаралар планынын алкагында, “Элибиздин дөөлөттөрү, тарыхы жана маданияты” темасында, көрүнүктүү маданий ишмер, тарыхчы, журналист Темирбек Токтогазиев менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чара Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Азамат Оросбаевдин жетекчилигинде болуп өттү.

Жолугушууда Т.Токтогазиев кыргыз элини дөөлөттөрү, тарыхы жана маданияты жөнүндө кызыктуу маек куруп берди. Улуттук статистика комитетинин кызматкерлери тарыхчынын маанилүү маегине ыразычылык билдиришти.      

   


Акыркы жаңылоо: 14.08.2017, 10:35