Улутстаткомдо коммуникациялык стратегия талкууланды

Басылмалардын датасы: 21.11.2017


Бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, Улутстатком жана Норвегиянын Борбордук статистика бюросунун ортосунда кызматташтык жана статистикалык маалыматтарды таратуу маселелери боюнча келген Норвегиянын ага кеңешчилери Камилла Стабеллдин жана Вибеке Нильсендин иш-сапарынын чегинде, статистикалык маалыматты таратуу жана коммуникациялар боюнча стратегияны талкуулоо болуп өттү.

“Норвегиянын статистикалык офисинин 2017-2020-жылдарга коммуникациялык стратегиясы” презентациясы менен чыгып сүйлөп, Норвегиянын БСБ ага кеңешчиси Камилла Стабелл, статистикалык маалыматты таратуудагы жана колдонуучулар менен иштөөдөгү норвегиялык адистердин иштери жөнүндө айтып берди, ошондой эле Улутстаткомдун адистеринин суроолоруна жооп берди.


Акыркы жаңылоо: 21.11.2017, 16:46