Улутстаткомдо пресс-клубдун кезектеги отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 16.06.2017


Бүгүн, 16-июнда, Улутстаткомдо республиканын статистикалык органдарынын жүргүзгөн иштерин, методологияларын, эсептөөлөрүн тагыраак көрсөтүп берүү боюнча, социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чагылдыруучу журналисттер менен статистика кызматкерлеринин жолугушуусу болуп өттү.

Журналисттердин алдына Улутстакомдун Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова чыгып суйлөдү, ал байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканы эсептөөнүн ыкмалары, эмнелерден куралары  жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ал журналисттерге ушундай экитараптуу маанилүү ишчарага катышып келгендери үчүн ыразычылык билдирди.

Журналисттердин алдына чыгып сүйлөөлөрдү Инвестициялар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова негизги капиталга инвестицияларды эсептөө жөнүндө айтып берүү менен аяктады.

Жолугушууда активдүү диалог жүрүп, Улутстаткомдун адистери журналисттердин суроолоруна жоопторду беришти. Мындай жолугушуулардын эки тарапка тең бирдей манилүүлүгүн  жолугушуунун катышуучулары бир добуштан белгилешти.

 


Акыркы жаңылоо: 16.06.2017, 11:01