Улутстаткомдо кеңейтилген коллегиянын отуруму болуп өттү

Басылмалардын датасы: 22.02.2019


Бүгүн, 22-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде Коллегиянын кеңейтилген отуруму, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы А. Орозбековдун, Кыргыз Республикасынын Ичики иштер министирлигинин өкүлдөрүнүн, Борбордук аппараттын, БЭБ жана СИИ өкүлдөрүнүн, мамлекеттик статистиканын облустук жана шаардык башкармалыктарынын  жетекчилеринин катышуусу менен болуп өттү.

2018-жылда мамлекеттик статистика органдарынын иштеринин жыйынтыктары жана 2019-жылга тапшырмалар боюнча доклад менен чыгып, Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Султанов, өткөн жылдагы Улутстаткомдун ишмердүүлүгүн, жетишкендиктерин жана 2019-жылы аткарылуучу иш пландарын белгиледи.

Мамлекеттик статистика органдарынын мыкты кызматкерлери жыл жыйынтыгы боюнча дипломдорду алышты.

Коллегиянын кеңейтилген отурумунда,  ошондой эле “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө презентациясы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министирлигинин өкүлдөрү, алдыдагы Эл жана турак жай фондунун каттоосу боюнча Статистикалык каттоолор башкармалыгынын башчысы Р. Чыныбаева,  аткарылып жаткан иштер боюнча облустук жана шаардык мамлекеттик статистикалык башкармалыктардын, Борбордук эсептөө борборунун, Статистикалык изилдөөлөр институтунун жетекчилери чыгып сүйлөштү.


Акыркы жаңылоо: 22.02.2019, 14:37