Улуттук статкомдо Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болду

Басылмалардын датасы: 06.11.2019


 

5-ноябрда Улуттук статкомдо ЖМК өкүлдөрүнүн кесиптик майрамы болгон Маалымат жана басма сөз күнүнө карата салтанаттуу жыйын болуп өттү. Ага статмаалыматтарды берүүдө креативдүүлүгү, адаттан тыш жол менен жаңылык жеткизе алган, кабарларды берүүдө инновациялык жолдорду колдоно алган айрым журналисттер катышты.

Жыйынга катышкандарга Улуттук статкомдун төрагасы Акылбек Султанов куттуктоо сөзү менен кайрылып, Улуттук статком өз ишинде калкка маалымат жеткирүүдө ЖМК ролуна өзгөчө маани берерин белгиледи. Статистикалык маалыматтарды таратуунун эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн, Улуттук статком журналисттер үчүн ай сайын басма сөз жыйындарын өткөрүп турат. Анда өлкөнүн коомдук жашоосунун бардык тармагы боюнча тематикалык суроолорго жооп берилип, экономикалык-социалдык абалдын айрым тармактары боюнча так маалыматтар берилип келе жатат.

Акылбек Султанов журналисттерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалап, аларга ыраазычылык каттарын салтанаттуу тапшырды.

Улуттук статком республиканын 60-70 медиа уюмдары – ТВ, радио, маалымат сайттары жана газеталар менен иш алып барат.

Улуттук статкомдун сыйлыгына Акипресс-Тазабек (Аида Султанкулова), Акчабар (Айдай Чекирова), Биринчи радио (Кымбат Калыкназарова), vb.kg-Вечерний Бишкек-(Оксана Гут), 24kg-(Татьяна Швачева), ECONOMIST-(Елизавета Умурзакова), КУМА Кабар-(Индира Камчыбекова), Кактус медиа-(Александр Шабалин), K-NEWS-(Асель Жокаева), радио Марал-(Айпери Кыдырали кызы), Спутник Кыргызстан (Асель Минбаева) татыктуу болушту.

Жыйын учурунда айрым журналисттер келерки жылы боло турган эл жана турак-жайды каттоону уюштуруу иштеринин жүрүшү, экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча бир айдагы орточо айлык акы, иштеп жаткан ишканалардын саны, Улуттук статком тарабынан алгачкы маалыматтардын конфиденциалдуулугунун сакталышы жана расмий маалыматтарды таратуу боюнча бир катар суроолор берилди. Булардын бардыгына Улуттук статкомдун жетекчилиги жана тиешелүү бөлүмдөрдүн башчылары жооп беришти.

 


Акыркы жаңылоо: 06.11.2019, 15:03