Улутстаткомдо салтанаттуу чогулуш болуп өттү

Басылмалардын датасы: 28.04.2018


Бүгүн, 28 апрелде, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, Кыргыз Республикасынын статистика кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.

Иш чарада мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлерин адистик майрамы менен куттуктап, Улутстаткомдун администрациясынын, Башкы эсептөө борборунун, жана профсоюз уюмунун жетекчилери чыгып сүйлөштү.

Республиканын мамлекеттик статистика органдарындагы ак эмгеги жана жемиштүү ишмердиги үчүн айрым кызматкерлер мекемелик сыйлыктар менен сыйланышты.


Акыркы жаңылоо: 28.04.2018, 16:15