Улутстаткомдо “Көп өлчөмдүү жакырчылык индекси” темасында семинар өткөрүлдү

Басылмалардын датасы: 07.12.2018


         Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде БУУнун Балдар Фондунун өкүлчүлүгү (Юнисеф) жана Маастрихт Университетинин мамлекеттик башкаруу мектеби жана БУУнун «UNU-MERIT/MGSOG» Университети менен 2018-жылдын 5-декабрында «Көп өлчөмдүү кедейчилик индекси» темасы боюнча семинар өткөрүлдү.

        Семинардын максаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жүргүзүлө турган, үй чарбалардын бюджеттеринин Интегралдык изилдөөлөрүнүн негизинде көп өлчөмдүү кедейчиликти эсептөө үчүн сунушталган индикаторлорду берүү жана талкуулоо болуп саналат. 

        Ушул семинарга мамлекеттик органдардын кызматчылары, улуттук эксперттер жана ЖОЖдордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.


Акыркы жаңылоо: 07.12.2018, 14:44