Өткөн жылдын январь-декабрындагы ИДПнын көлөмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын өсүү темпинин жогорулашы белгиленди

Басылмалардын датасы: 16.01.2017


Ички дүң продукт (ИДП) 2016-ж. январь-декабрында алдын-ала баалоо боюнча  458 млрд. сомду түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин денгээлинен 3,8 пайызга жогору, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда тиешелүүлүгүнө жараша 412,8 млрд. сомду түзүп, 3,7 пайыз болду.

ИДПнын өсүшү  негизинен айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармактары  жана  кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү  тарабынан камсыз кылынды. Муну менен бирге  товардык өндүрүш тармактары  104,9 пайызды, ал эми  кызмат көрсөтүүчү тармактар  - 103,0 пайызды түздү. 

Өткөн жылдын январь-декабрына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 0,1 пайызга (негизинен үлүшү 0,8 пайызга көбөйгөн өнөр жай тармагынын эсебинен) өсүп, 39,2 пайызды түздү, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 0,7 пайызга көбөйүп, 49,8 пайызды түздү.

Өткөн жылдын январь-декабрына карата ИДПнын дефлятору (экономиканын бардык тармактарынын бааларынын жалпыланган индекси) 102,5 пайызды түздү.

2016-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча  ИДП

        (пайыз менен)

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү темптериөмөндөшү- )

ИДПнын түзүмү

2015

2016

ИДП

458027,4

3,8

100

100

Товарларды өндүргөн тармактар

179700,9

4,9

39,1

39,2

Айыл чарбасы, токой чарбасы             жана  балык уулоочулук

60588,8

3,0

14,0

13,2

Өнөр жай

80027,4

5,2

16,7

17,5

Пайдалуу кендерди казуу

4540,6

20,1

0,8

1,0

Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы)

67853,3

5,4

14,0

14,8

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

6710,6

-3,5

1,7

1,5

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

922,9

6,9

0,2

0,2

Курулуш

39084,7

7,4

8,4

8,5

Кызматтарды көрсөткөн тармактар

227983,1

3,0

49,1

49,8

Дүң жана чекене соода; автомобилдерди
жана мотоциклдерди оңдоо

85396,5

7,6

18,8

18,7

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

17863

-0,3

3,9

3,9

Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги

8514,3

9,5

1,9

1,9

Маалымат жана байланыш

18005,2

-6,5

4,3

3,9

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

98204,1

0,8

20,2

21,4

Продуктуларга таза (субсидиялар

эсептен алынган) салыктар

50343,4

3,8

 11,8

 11,0

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы

  e-mail: g.satybekova @stat.kg;  тел. + 996 (312) 324695

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 17.01.2017, 08:52