Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларындагы ИДПнын көлөмүндө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүргөн тармактардын өсүү темптеринин жогорулагандыгы белгиленди

Басылмалардын датасы: 11.12.2018


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2018-ж. январь-ноябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,1 пайызга өсүп, 474,5 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 428,8 млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,2 пайызга жогору болду.

ИДПнын өсүшү негизинен айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу товардык өндүрүш тармактары – 104,7 пайызды (2017-ж. январь-ноябрь айларында – 106,7 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,7 пайызды (2017-ж. январь-ноябрь айларында – 101,1 пайыз) түздү. 

2017-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 0,4 пайыздык пунктка көбөйүп, 40,1 пайызды түздү, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 1,8 пайыздык пунктка азайып, 44,7 пайызды түздү.

2018-жылдын январь-ноябрь айларындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
           (пайыз менен)

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү темптериөмөндөшү- )

ИДПнын түзүмү

2017

2018

 

ИДП

474529,7

3,1

100,0

100,0

 

 

Товарларды өндүрүүчү тармактар

190395,0

4,7

39,7

40,1

 

 

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык  уулоочулук

60719,3

2,4

13,6

12,8

 

 

өнөр жай

91599,5

4,9

18,4

19,3

 

 

 Пайдалуу кендерди казуу

3804,4

7,8

1,0

0,8

 

 

 Иштетүү өндүрүшү
(Иштетүү өнөр жайы)

77050,0

4,4

15,3

16,2

 

 

 Электр энергия, газ, буу жана
 кондицияланган аба менен камсыздоо

 (жабдуу)

9323,6

4,6

1,9

2,0

 

 

 Суу менен жабдуу, тазалоо,
 калдыктарды иштетүү жана кайра
 пайдалануучу чийки затты алуу

1421,5

31,5

0,2

0,3

 

 

Курулуш

38076,2

8,4

7,7

8,0

 

 

Кызмат көрсөтүүчү тармактар

211974,4

1,7

46,5

44,7

 

 

Дүң жана чекене соода; автомобилдерди

 жана мотоциклдерди оңдоо

82319,3

4,3

17,0

17,4

 

 

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

19091,7

4,4

3,9

4,0

 

 

Мейманканалар менен ресторандардын

 ишмердиги

8040,0

7,1

1,7

1,7

 

 

Маалымат жана байланыш

14479,6

-7,5

3,2

3,1

 

 

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

88043,8

0,1

20,7

18,5

 

 

Продукттарга таза (субсидияларды

 эсептебегенде) салыктар

72160,3

3,1

13,8

15,2

 

                     

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: a.kuderbaeva@stat.kg, @stat.kg; 

тел. + 996 (312) 3246955; 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 11.12.2018, 16:03