Республикада жазгы талаа жумуштары башталды

Басылмалардын датасы: 12.04.2022


Март айында белгиленген аба ырайынын туруксуз шарттары (температуранын төмөндөшү менен жаан-чачындын көп болушу) жазгы талаа иштеринин темпинин төмөндөшүн шарттады.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата республика боюнча жалпысынан 78 миң гектардан ашык жаздык эгин айдалды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 26 % аз.

Жаздык арпа эгилген аянт үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата өткөн жылдын ушул эле датасына жаздык эгин себилген аянтка карата 79,4%, жаздык буудай 69,3%, картошка 68,0%, көп жылдык чөптөр 61,2%, жашылчалар - 50,2% жана май өсүмдүктөрү - 44% түздү.

23-мартка карата жаздык эгиндерди түрлөрү боюнча себүү

 

Себилди -бардыгы,

миң гектар

2022ж. 2021ж. Карата.

2021

2022

                    %

+, -

Себилди-бардыгы 

      алардан:

105,6

 

78,2

 

74,1

 

- 27,4

 арпа

63,1

50,2

79,4

- 12,9

 буудай

32,2

22,3

69,3

- 9,9

 картошка

3,3

2,3

68,0

- 1,0

көп жылдык чөптөр                                                                    

3,2

2,0

61,2

- 1,2

 жашылча

1,8

0,9

50,2

- 0,9

 май өсүмдүктөрү

0,7

0,3

44,0

- 0,4

Жаздык эгиндердин жалпы аянтында 2022-жылдын 23-мартына карата эң чоң салыштырма салмакты Чүй облусунун чарбалары - 50,4%, Ош - 28%, Баткен - 12,2% жана Жалал-Абад облустары - 8,2% түзөт.

23-мартка карата аймактар боюнча жаздык эгиндерди себүү

 

Себилди - бардыгы,

миң гектар

Пайыз менен

2021

2022

Өткөн жылдын ушул эле күнүнө

Жыйынтыкка

Кыргыз Республика

105,6

78,2

74,1

100,0

 Баткен облусу

16,9

9,6

56,5

12,2

 Жалал-Абад облусу

12,6

6,4

50,7

8,2

 Ысык-Көл облусу

-

0,4

-

0,5

 Ош облусу

27,2

22,0

81,0

28,0

 Талас облусу

0,5

0,1

30,1

0,3

 Чүй облусу

47,6

39,5

83,1

50,4

 Ош ш.

0,8

0,2

28,5

0,4

Мындан тышкары, ушул жылдын март айында айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан 37,8 миң гектар аянтта күздүк эгиндерди азыктандыруу жана 100,8 миң гектар аянтта жазгы айдоо иштери жүргүзүлдү.

______________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел.: + 996 (312) 66 40 43, 32 46 21

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Акыркы жаңылоо: 12.04.2022, 17:12