Республикада орточо эмгек акы өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9 пайызга көбөйдү

Басылмалардын датасы: 02.11.2021


2021-жылдын январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 19 586 сомду түздү жана 2020-ж. тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, 2021-ж. январь-августунда бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 231,6 АКШ долларын түздү.
Эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын баардык аймактарынын ишканаларында жана уюмдарында байкалды.
Орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин эң олуттуу жогорулашы Ош облусунун (10,9 процент), Ош ш. (13,5 процент) жана Бишкек ш. (9,9 процент) ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлеринде байкалды.
Эмгек акынын эң бийик өлчөм Бишкек ш. (24 931 сом), Нарын (18 870 сом) жана Жалал-Абад (18 609 сом) облустарынын кызматкерлеринде катталды.

 2021-жылдын январь-августунда аймактар боюнча орточо айлык номиналдык
эмгек акы1

 

Сом

Мурунку жылдын тийишт³³
мезгилине
карата пайыз менен

Кыргыз Республикасы

19 586

109,2

Баткен облусу

14 307

107,8

Жалал-Абад облусу

18 609

106,5

Ысык-Кјл облусу

14 572

105,8

Нарын облусу

18 870

106,0

Ош облусу

13 711

110,9

Талас облусу

17 587

104,4

Чій облусу

17 356

107,8

Бишкек ш.

24 931

109,9

Ош ш.

17 625

113,5

1 Чакан ишканаларды эсептебегенде


2021-жылдын январь-августунда бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн  кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,7 эсеге жогору болду.
Бюджеттик чөйрөдө  бюджеттик эмес чөйрөндөй эле, Ош ш. (13,1 процент) жана Ош облусунун (8,8 процент) ишканаларынын жана уюмдарынын кызматкерлеринде орточо айлык эмгек акысынын өсү темпинин олуттуу жогорулашы байкалды.

 2021-жылдын январь-августунда аймактар боюнча бюджеттик жана бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык эмгек акысы1

 

Сом

Мурунку жылдын тийишт³³ мезгилине карата пайыз менен

 

бюджеттик чөйрө

бюджеттик эмес чөйрө

бюджеттик чөйрө

бюджеттик эмес чөйрө

Кыргыз Республикасы

15 746

26 136

105,9

111,1

Баткен облусу

13 726

16 841

106,6

111,0

Жалал-Абад облусу

13 328

30 906

103,8

105,0

Ысык-Кјл облусу

13 530

17 465

104,7

108,2

Нарын облусу

17 673

25 871

104,7

111,2

Ош облусу

12 972

19 304

108,8

122,3

Талас облусу

13 007

38 038

103,7

105,1

Чій облусу

14 574

21 376

103,9

110,9

Бишкек ш.

20 728

28 208

105,3

112,0

Ош ш.

15 934

21 096

113,1

113,6

1 Чакан ишканаларды эсептебегенде


2021-жылдын январь-августунда орточо республикалык денгээлди маалымат жана байланыш (41 206 сом), финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (39 686 сом), пайдалуу кендерди казуу (39 041 сом) чөйрөлөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысы ашты.
Эң төмөн эмгек акы искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (10 028 сом), айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук (11 355 сом), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (11 814 сом) чөйрөлөрүнүн кызматкерлеринде белгиленди.

2021-жылдын январь-августунда экономикалык ишмердиктин
түрлөрү боюнча кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы

(чакан ишканаларды эсептебегенде, сом)


Эмгек жана иш менен камсыз кылуустатистикасы бөлүмү |e-mail: jailobaeva@stat.kg;  | тел. + 996 (312)  626076

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 03.11.2021, 13:18