Республикада буудайдын дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик жарым эсеге төмөндөдү

Басылмалардын датасы: 12.11.2021


Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрына карата абалы боюнча дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 574 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 0,9% га көп. Ошону менен катар, чабылган аянттан 1,3 миллион тонна дан (баштапкы кириштелген салмакта буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) же 29% га аз чабылды.

22-октябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

 

2020

2021

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га

568,9

573,9

5,0

100,9

Бастырылган дан - бардыгы (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

1 901,0

1343,3

- 557,7

70,7

1 гектардан, ц

33,4

23,4

- 10,0

70,1

Бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган

салмакта), миң т

666,7

385,7

- 281,0

57,9

Бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган

салмакта), миң т

542,0

292,1

- 249,9

53,9

Жыйналган дан жүгөрү, миң т

689,3

664,1

-25,2

96,3

Бастырылган дан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

112,8

90,0

- 22,8

79,8

Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөр, миң т

24,5

18,2

- 6,3

74,5

Казылган кант кызылчасы (фабрикалык), миң т

336,1

163,9

- 172,2

48,8

   1 гектардан, ц

532,8

298,3

-234,5

56,0

Казылган картошка аянты, миң га

76,3

74,9

- 1,4

98,1

Жыйналган картошка, миң т

1 311,0

1 276,3

- 34,8

97,3

    1 гектардан, ц

171,8

170,4

- 1,4

99,2

Жыйналган жашылчалар, миң т

1 044,1

1034,5

- 95,4

99,1

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү, миң т

257,7

223,4

- 34,3

86,7

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, миң т

272,6

261,2

- 11,4

95,8

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн кыскарышын шарттады. Мында, жалпы республика боюнча буудайдын өткөн жылдын ушул күнүнө караганда дүң жыйымы 42,1%га, арпанын - 46,1%га, май өсүмдүктөрү - 25,5%га, бакча өсүмдүктөрү - 13,3%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 4,2%га, дан жүгөрү - 3,7%га, картошка - 2,7%га жана жашылчанын түшүмү - 0,9%га кыскарды.
_________________________________________
Айыл чарба статистикасы бөлүмү | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Акыркы жаңылоо: 12.11.2021, 15:21