Республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери аяктоодо

Басылмалардын датасы: 14.10.2020


Ү.ж. 24-сентябрына карата абалы боюнча дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз) республика боюнча 538,3 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 4,0 пайызга көп, бастырылган эгиндер  (алгачкы кабыл алынган салмакта) 1 696,8 миң тоннага же 5,6 пайызга көп.

2020-жылдын 24-сентябрына карата абалы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата

 

2019

2020

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак

   өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз), миң га

517,6

538,3

20,7

104,0

Бастырылгандан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган

   салмакта) (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана  

   гречихасыз), миң т

1 607,30

1 696,8

89,4

105,6

  1 гектардан, ц

31,1

31,5

0,4

101,3

  Бастырылган буудай (алгачкы кабылалынган       

    салмакта), миң т

633,6

663,2

29,6

104,7

  Бастырылган арпа (алгачкы кабылалынган

    салмакта), миң т

491,5

534,7

43,2

108,8

Бастырылгандан буурчак өсүмдүктөрү,  (алгачкы кабылалынган салмакта), миң т

89,1

93,7

4,6

105,1

Жыйналган май алынуучу өсүмдуктөр, миң т

29,4

21,7

-7,7

73,9

Казылган кант кызылчасы, миң т

91,5

2,4

-89,2

2,6

Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) миң т

0,9

1,0

0,1

109,1

Жыйналган пахта (физикалык салмакта), миң т

39,8

38,3

-1,4

96,4

Казылган картошка аянты, миң га

57,7

58,9

1,2

102,2

Жыйналган картошка, миң т

953,9

992,5

38,6

104,0

1 гектардан, ц

165,4

168,4

3,0

101,8

Жыйналган жашылча  өсүмдүктөрү, миң т

947,3

958,6

11,3

101,2

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү, миң т

239,8

255,6

15,8

106,6

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү ,миң т

193,3

199,7

6,4

103,3

Буудайдын дүң жыйымы республика боюнча жалпысынан 4,7 пайызга өстү. Орточо республикалык көрсөткүчтөн Талас облусунун чарбаларында 26,3 пайызга, Нарын - 10,1 пайызга, Ысык-Көл - 6,2 пайызга жана Чүй облусунун чарбаларында - 5,6 пайызга көп жыйналган.

Жалпы республика боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын дүң жыйымы 8,8 пайызга көбөйгөн, анын ичинде Талас районунун чарбаларында - 28,6 пайызга, Баткенде - 13,9 пайызга, Жалал-Абадда – 12,7 пайызга жана Чүй облусу - 11,0 пайызга.

Бакча өсүмдүктөрүн өндүрүүсү республика боюнча жалпысынан 6,6 пайызга өстү, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында - 13,5 пайызга жана Талас облусунун чарбаларында - 7,0 пайызга өстү.

Жалпысынан республикада картошка өндүрүү 4,0 пайызга өстү, муну негизинен Ысык-Көл облусунун чарбалары камсыз кылышкан, ал жерде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,2 пайызга көп казылып алынган.

Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүү 3,3 пайызга, анын ичинде Ысык-Көл облусунун чарбаларында - 18,7 пайызга жана Ош облусунда - 3,7 пайызга өстү.

 

___________________________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.10.2020, 11:47