²стүбүздөгү жылы айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтынын өсүүсү белгиленди

Басылмалардын датасы: 12.07.2017


2017-ж. бардык чарбалардын категориялары боюнча айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1207,1 миң гектарды түздү, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 14,8 миң гектарга, же 1,2 пайызга көп.  

Мурдагы жылга салыштырмалуу айдоо аянттарынын (1,2 пайызга) өскөнүнө  карабастан, айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн  түзүлүшүндө белгилүү өзгөрүүлөр болду.

2017-ж. түшүмү үчүн күздүк өсүмдүктөрдүн айдоо аянттары 2016-ж. түшүмү үчүн айдоо аянттарынан 25,5 миң гектарга, же 14,9 пайызга азайды, ошол эле убакта 2017-ж. түшүмү үчүн жаздык өсүмдүктөрдүн айдоо аянттары, тескерисинче, 23,6 миң гектарга, же 3,3 пайызга көбөйдү. Муну менен бирге, мурдагы жылга карата себилген көп жылдык чөптөрдүн аянттары 16,7 миң гектарга, же 5,5 пайызга жогорулады.  

 Айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары

 

Бардыгы, миң гектар

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2017-ж.

2016-ж. карата пайыз менен

2016

2017

2016

2017

Айдоо аянттары - бардыгы

1192,4

1207,1

100

100

101,2

Дан өсүмдүктөрү (дан буурчак, күрүч жана кара күрүчтү кошпогондо)

559,5

547,3

46,9

45,3

98,1

Дан буурчак өсүмдүктөрү

56,5

58,8

4,7

4,9

104,0

Май өсүмдүктөрү

38,3

34,2

3,2

2,8

89,5

Пахта

16,6

20,6

1,4

1,7

123,9

Тамеки

0,2

0,6

0,02

0,1

 321,9

Кант кызылчасы

11,3

17,5

1,0

1,5

154,5

Картошка

82,2

83,0

6,9

6,9

101,1

Жашылчалар

51,5

52,0

4,3

4,3

100,9

Башка өсүмдүктөр (күрүч, бакча өсүмдүктөрү ж.б.)

21,4

23,4

1,8

1,9

109,3

Тоют өсүмдүктөрү

354,9

369,7

29,8

30,6

103,7

  анын ичинде мурдагы жылга карата себилген көп жылдык чөптөр 

305,9

322,6

86,2

87,3

105,5

  

Реалдуу сектор статистикасы

башкармалыгы                                                                 |e-mail:gmursabekova@stat.kg

                                                                                                  |тел. + 996 (312) 664043

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магнитик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 12.07.2017, 16:00