2017-жылдын январынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 7,9 пайызга өстү

Басылмалардын датасы: 10.02.2017


Бүгүн, 10-февралда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева маалымдагандай ички дүң продукт ушул жылдын январь айына, алдын-ала баалоо боюнча 24 миллиард сомго жакын болду жана өткөн жылдын январь-апрелине салыштырганда 7,9 пайызга өстү.

 Муну менен бирге ИДПнын төмөндөшүнө өнөр жайдагы жана транспорттогу көлөмдөрдүн кыскарышы таасир этти. ИДПнын түзүмүндө көпчүлүк үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына таандык, алар жалпы көлөмдүн 49 пайызын түзөт, өнөр жайдыкы 23 пайыз, айыл чарбасыныкы 9 пайыз жана курулуштуку 3 пайыздан жогору болду.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2017-жылдын январында ички дүң продуктунун көлөмү 21 миллиард сомдон ашып, 5 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2017-жылдын январында 15 миллиард сомдго жакынды түздү жана мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,8 пайызга жогорулады.

Өткөн жылы өнөр-жай продукциясынын көлөмдөрүнүн өсүшү, негизги металлдарды чыгаруунун (37,5 пайызга), ошондой эле металл рудаларын жана тазаланган мунайзаттарды өндүрүү менен камсыздалды.  Тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн өсүшү (47,6 пайызга), негизинен,  кумшекер чыгаруунун эсебинен камсыздалды (мурунку жылдын январында кумшекер чыгарылбаган).

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) 2016-жылдын январындагыдан 8,7 пайыз өстү.

Баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова керектөө баалардын жана тарифтердин деңгээли 2016-жылдагы жан 2017-жылдын январындагы өзгөрүүлөрү жөнүндө маалымат берди. Мында 2016-жылдын декабырына салыштырмалу 2017-жылдын январында керектөө секторундагы инфляция жалпы республика боюнча бир пайызды түздү. Керектөө баалардын жана тарифтердин эңкөп өсүшү калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтеринде (1,9 пайызга), ошондой эле тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарынын бааларында 1,3 пайызга жогорулашы байкалды. Азык түлүк эмес товарлардын баасы 0,2 пайызга өстү, алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары 0,7 пайызга жогорулады. 2017-жылдын январында  керектөө бааларынын жана тарифтеринин (1,6 пайызга) өсүшү Нарын облусунда байкалды. Алардын бир аз жогорулашы Бишкекте белгиленди Мында өткөн айга салыштырганда  азык түлүк эмес товарлардын баасы 0,1 пайызга төмөндөдү, ошондой эле алкоголдук ичимдиктердин, тамекинин баалары да 0,2 пайызга төмөндөдү.

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын башчысы Гульзейнеп Мурсабекова мал жана үй канаттууларын эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. 2017-жылдын башталышына республиканын чарбаларынын бардык түрлөрүндө ири мүйүздүү малдын саны 1527,7 миң башты түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга көп болду. Койлордун жана эчкилердин саны 6022,5 миңди түзүп, 1,6 пайызга көп болду, жылкылардын саны 467,2 миңди түзүп, 3,9 пайызга көп болду, үй канаттуулардын саны 5673,6 миңди түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга көп болду.

Малдын жана үй канаттуулардын чоң үлүшү, 90 пайыздан көбүрөөгү, дыйкан (фермердик) чарбаларга жана жарандардын үй чарбаларына туура келди.

Өз кезегинде, Эмгек рыногу жана социалдык-демографиялык статистикасы башкармалыгынын социалдык статистикасы бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы негизги тенденциялар жөнүндө пресс-конференциянын катышуучуларына маалымат берип, акыркы жылдары, мектеп алдындагы даярдыкты өткөн, биринчи класстын окуучуларынын үлүшү көбөйүп жаткандыгын белгиледи. Муну менен бир катарда, мектеп окуучуларынын санынын көбөйүү тенденциясы байкалууда, жалпысынан, республика боюнча 2012-2013-окуу жылында 1012 миң адамдан, 2016-2017-окуу жылында 1176 миңге адамга жогорулаган.

Анын айтуусунда, республиканын жогорку билим берүү системасынын түйүнүн оптималдаштыруу максатында  реформалоонун артынан, башкы Жогорку профессионалдык окуу жайларынын жана алардын филиалдарынын санынын кыскаруусуна алып келди, негизинен менчик уюмдарда.

Презентациялар:

2016-жылы жана 2017-жылдын январында керектөө бааларынын жана тарифтердин өзгөрүүсү жөнүндө;

2017-жылдын башталышына мал жана үй канаттууларын эсептөөнүн жыйынтыктары жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы негизги тенденциялар жөнүндө.


Акыркы жаңылоо: 10.02.2017, 12:28