2022-жылдын январь-мартында ички дүӊ продуктунун өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 12.04.2022


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-мартында өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 4,5 пайызга жогорулоо менен 146 млрд. сомго жакындады. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 138 млрд. сомго жакындады жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга жогорулады.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө сектору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 6,1 пайызга өскөн болсо, 2021-жылдын январь-мартында тескерисинче 12,8 пайызга төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 3,4 пайызга өсүү байкалды (2021-жылдын январь-мартында 5,1 пайызга

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (46,3 пайыз) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 3,0 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү январь-мартында 2,0 пайыздык пунктка  төмөндөп, 34,0 пайызды түзгөн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,3 пайыздык пунктка,  айыл чарбасынын үлүшү - 0,3 пайызга жана курулуштун үлүшү - 0,4 пайызга азайган.

2022-жылдын январь-мартындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

            2021                        2022

ИДП

145 869,2

104,5

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

49 538,6

106,1

36,0

34,0

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

11 528,0

102,3

8,2

7,9

Өнөр жай

31 518,8

108,3

22,9

21,6

Пайдалуу кендерди казуу

4 862,5

100,3

1,5

3,3

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

18 743,8

114,7

15,4

12,9

Электр энергия, газ, буу жана

7 414,0

94,0

5,6

5,1

кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

7 414,0

94,0

5,6

5,1

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

498,5

91,5

0,4

0,3

Курулуш

6 491,8

102,2

4,9

4,5

Кызмат көрсөтүү тармактары

67 641,4

103,4

49,3

46,3

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

21 183,7

106,3

14,0

14,5

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

6 453,2

111,0

4,4

4,4

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

1 514,1

110,5

1,0

1,0

Маалымат жана байланыш

4 546,6

107,9

3,5

3,1

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

33 943,8

99,7

26,4

23,3

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

28 689,2

104,5

14,7

19,7

 

_______________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351 Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.04.2022, 14:48