2016-жылдын январь-ноябрындагы калктын табигый өсүүсү 115 миңге жакын адамды түздү

Басылмалардын датасы: 13.01.2017


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча 2016-жылдын январь-ноябрында ЖААК органдарында 145 миңге жакын жаңы төрөлгөндөр же калктын 1000ине алганда 26,0 (2015-жылдын январь-ноябрында - 27,4), 30 миң өлгөндөр же калктын 1000ине алганда 5,4 (2015-жылдын январь-ноябрында - 5,8) катталды. Натыйжада калктын табигый өсүүсү 115 миңге жакын адамды же калктын 1000ине 20,6ди (2015-жылдын январь-ноябрында - 21,6) түздү.

Калктын табигый өсүүсүнүн эң жогорку деңгээли 2016-ж. январь-ноябрында Баткен жана Ош облустарында (калктын 1000ине 24 адам) белгиленди.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын

демографиялык статистика бөлүмү           |e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 325336.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.01.2017, 13:43