Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында ИДПнын өсүүсү 7 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 09.12.2022


Ички дүң продукт үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында алдын-ала баалоо боюнча 781 миллиард сомдон ашты жана 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 7,0 пайызга көбөйдү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында 726 миллиард сомдон ашты жана 4,8 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрында 383 миллиард сомдон ашты жана негизги металлдарды (30,0 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердиктин (29,3 пайызга), мунайзат азыктарын (14,4 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (11,2 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн (5,9 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (8,5 пайызга) көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 14,0 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 5,3 пайызды түздү, ал эми айыл чарбасында 6,4 пайызды, дүң жана чекене соодада 7,6 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 13,5 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары - 21,7 пайызга, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар - 14,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар - 11,4 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 8,4 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын эң жогорку өсүшү (15,8 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын башка региондорго салыштырмалуу эң көп (43,3 пайызга) кымбаттаганы менен шартталды.

Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-октябрында 9,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 41,2 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 23,1 пайызга азайган, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 1,7 эсеге өскөн.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-октябрында 3,8 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 39,2 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1,9 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 22,9 пайызга көбөйгөн.

2022-жылдын январь-октябрындагы республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң жогорку үлүшү Россияга (72,3 пайыз) жана Казакстанга (25,5 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                       Экспорт

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши).

Мы доступны:

www.stat.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download

 


Акыркы жаңылоо: 09.12.2022, 17:43