2016-жылдын январь-октябрында өлкөнүн калкынын санынын өсүшү уланды

Басылмалардын датасы: 07.12.2016


Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2016-жылдын 1-ноябрына карата баалоо боюнча 6 млн. 120 миң адамды түзүп, 2016-жылдын 10 айынын ичинде 101 миң адамга, же 1,7 пайызга көбөйдү. 2012-жылдан тартып калктын эмиграциясынын олуттуу кыскаргандыгына байланыштуу өлкөдөгү калктын санынын мындай бийик өсүшү сакталууда.

Калктын өсүшүнүн көрсөткүчү Баткен жана Ош облустарында, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларында республикалык көрсөткүчтөн бир аз (1,9 пайызга) жогору. 

______________________________________________________________________

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмү     

 e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;    тел. + 996 (312) 325336.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 07.12.2016, 10:38