Январ-сентябрда республиканын аймактарында туристтерди кабыл алуу жана тейлөө иштерин 472 туризмдин мекемелери ишке ашырышты

Басылмалардын датасы: 20.11.2018


2018-жылдын январ-сентябрында Кыргыз Республикасынын аймактарында эс алууну жана туризмди уюштуруучу 472 уюм, алардын ичинен 188 атайын жайгаштыруу турак жайлары, 187 мейманкана жана аларга окшош жайгаштыруу боюнча турак жайлары, 60 турфирма жана туроператор, ошондой эле  Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан туризм чөйрөсүндө ишмердик жүргүзүшкөн субъекттерге жалпы бир жолку изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча эсепке алынган эс алуу мекемелеринин аймагында жана андан тышкары жайгашкан 900гө жакын конок үйлөрү туристтерди кабыл алуу жана тейлөө иштерин жүргүзүштү.

2018-жылдын январь-сентябрында иштеп жаткан туризм ишканаларынын жана жамааттык атайын жайгаштыруу турак жайларынын саны

 

Бирдиктер

 Бардыгы

472

   Мейманканалар

187

   Атайын жайгаштыруу турак жайлары

188

      анын ичинде:

 

        санаторийлер (балдар санаторийлери)

20

        санаторий-профилакторийлер

11

        эс алуу пансионаттары

100

        эс алуу үйү, эс алуу базалары, туристтик базалар

24

        спорт-саламаттыкты калыбына келтирүү лагерлери,     

        балдардын саламаттыгын калыбына келтирүү 

        комплекстери (лагерлери)          

 

 

33

   Турфирмалар жана туроператорлор, саякат жана экскурсия  

   бюросу

 

60

   Жаратылыш парктары жана коруктар

9

   Туризм боюнча башка ишканалар

28

Туризмдин жамааттык атайын жайгаштыруу турак жайларынын жана ишканаларынын негизги бөлүгү Ысык-Көл облусунда - 37,5 пайызы, Бишкекте – 18,4 пайызы, Жалал-Абад облусунда – 11,4 пайызы, Нарын облусунда – 11,2 пайызы жайгашкан.

Соода статистикасы башкармалыгы | e-mail: vmambetalieva@stat.kg | тел. + 996 (312) 324650

Керектөө рыногу статистика бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324725

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.11.2018, 15:24