2020-жылдын январь-декабрындагы ички дүӊ продукт

Басылмалардын датасы: 14.01.2021


Ички дүң продукт (ИДП) 2020-жылдын январь-декабрында алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 8,6 пайызга төмөндөө менен 598 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 530 млрд. сомго жакын өлчөмдө түзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,0 пайызга төмөндөдү.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу  7,0 пайызга төмөндөдү, ал эми 2019-жылдын январь-декабрь айларында алардын 6,3 пайызга өсүшү байкалган. Ушуга жараша, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2019-жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 10,0 пайызга төмөндөдү (2019-жылдын январь-декабрь айларында - 3,2 пайызга өсүү болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь-декабрь айларында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (46,3 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-декабрь айларына салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка азайды. Ушул эле учурда, товарларды өндүрүүчү тармактарынын үлүшү 42,9 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайыздык пунктка жогору. Өнөр жайдын үлүшү 21,1 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,1 пайыздык пунктка жогору, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 13,5 жана 1,8 пайыздык пунктка жогору болду, ал эми курулуштун үлүшү, тескерисинче, 8,3 пайызды түзүү менен 1,2 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2020-жылдын январь-декабрында экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2019

2020

ИДП

598 344,5

91,4

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

257 070,4

93,0

40,2

42,9

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

80 817,1

101,1

11,7

13,5

балык уулоочулук

Өнөр жай

126 663,5

92,5

19,0

21,1

Пайдалуу кендерди казуу

9 821,5

77,6

1,9

1,6

Иштетүү өндүрүшү

       

 (Иштетүү өнөр жайы)

101 771,6

92,8

14,7

17,0

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

13 710,8

102,7

2,2

2,3

Суу менен жабдуу, тазалоо,

1 359,6

97,9

0,2

0,2

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

49 589,8

84,1

9,5

8,3

Кызмат көрсөтүү тармактары

276 603,8

90,0

46,5

46,3

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

96 807,6

84,3

17,6

16,2

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

18 020,2

69,1

4,0

3,0

 сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

5 898,6

54,9

1,6

1,0

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

15 945,7

96,1

2,6

2,7

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

139 931,7

100,8

20,7

23,4

Продуктуларга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

64 670,3

91,4

13,3

10,8

 

____________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын расмий статистика жөнүндө  мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.01.2021, 14:12