Айыл чарбасынын продукцияларынын дүң чыгарылышы 207378 млн. сом өлчөмүндө түзүлдү

Басылмалардын датасы: 12.01.2018


2017-ж. январь-декабрында айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык уулоочулуктун продукцияларынын дүң чыгарылышы 207378 млн. сом өлчөмүндө түзүлдү, муну менен бирге физикалык көлөмдүн индекси 102,2 пайызды түздү. 

Айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмүнүн өсүүсү мал чарбачылык тармагынын продукцияларын өндүрүүсү 2 пайызга жогорулашы менен шартталды, буга негизинен союлуучу мал жана канаттуулардын (тирүүлөй салмакта) 1,7 пайызга көбөйүүсү, чийки сүттү - 2,1 пайызга жана жумуртканы - 8,7 пайызга өндүрүүнүн көбөйүүсү менен шартталган. Мал чарбачылык продукцияларынын өсүүсү малдын башынын жана үй канаттуулардын (Ийри мүйүздүү мал  102,4 пайызга, койлор менен эчкилер - 101,6 пайыз жана үй канаттуулардын 101,6 пайызга) көбөйүүсү менен шартталды.

Ошону менен бирге, айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмүнүн өсүүсү өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагынын продукцияларын өндүрүүнүн 102,5 пайызга жогорулашы менен шартталды, бул жашылча өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн көлөмүнүн 3,4 пайызга, картошканы өндүрүүнүн өсүүсү - 2,0 пайызга, дан буурчак өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн өсүүсү  - 4,6 пайызга, арпаны  өндүрүүнүн өсүүсү - 2,2 пайызга, кант кызылчасы  өндүрүүнүн өсүүсү - 1,0 пайызга, дандык жүгөрүүнү өндүрүүнүн өсүүсү - 0,7 пайызга,  өсүүсү менен шартталды.  Буудай дандын азайышына сепбеп болгону анын айдоо аянты мурдагы жылга караганда 20,6 миң гектарга же 7,6 пайызга аз себилген.

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндөгү өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларынын үлүшү 52,2 пайызды түздү.

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын Айыл чарба статистикасы бөлүмү

e-mail:gmursabekova@stat.kg; тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 12.01.2018, 16:25