2020-жылы жашоо минимумунун көлөмү 11,5 пайызга көбөйдү

Басылмалардын датасы: 14.01.2021


2020-жылы жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 5 358,53 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 11,5 пайызга өстү. 

   Аймактар боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

2020-жылы жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда жана Бишкек шаарында белгиленди. Ошол эле учурда, 2019-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун маанисинин эң чоң өсүшү Талас облусунда (14,8 пайызга), Баткенде (14,6 пайызга) жана Ысык-Көлдө (13,8 пайызга) белгиленди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

 

Жылына орточо эсеп менен

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2019

2020

Бардыгы

4 806,32

5 358,53

111,5

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

5 368,64

6 003,64

112,0

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

5 485,06

6 143,79

111,6

   аялдар

5 317,27

5 957,12

110,8

Пенсионерлер

4 286,71

4 785,43

110,3

Балдар

4 091,05

4 532,95

111,1

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

3 642,03

4 015,40

110,3

 7ден 14кө чейинки

4 245,56

4 716,76

111,1

 14төн 17ге чейинки

4 616,83

5 139,18

111,3

 

______________________________________________________________________________________________________

Үй чарба статистикасы  бөлүмү 

                

|   e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

 

 

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 14.01.2021, 14:02