2021-жылы жашоо минимумунун көлөмү 17 пайызга көбөйдү

Басылмалардын датасы: 18.01.2022


2021-жылы жашоо минимумунун көлөмү 17 пайызга көбөйдү

2021-жылы жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 6 268,31 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17 пайызга өстү. 

   Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

2021-жылы жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, 2020-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ош шаарында (19,1 пайызга), Баткен оюлусунда (18,1 пайызга) белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө  ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

 

Жылына орточо эсеп менен

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2020

2021

Бардыгы

5 358,53

6 268,31

117,0

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

6 003,64

7 040,33

117,3

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

6 143,79

7 219,11

117,5

   аялдар

5 957,12

6 990,75

117,4

Пенсионерлер

4 785,43

5 580,35

116,6

Балдар

4 532,95

5 282,48

116,5

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

4 015,40

4 673,39

116,4

 7ден 14кө чейинки

4 716,76

5 489,42

116,4

 14-17

5 139,18

6 012,49

117,0

_____________
Үй чарба статистикасы  бөлүмү | e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg; |тел. + 996 (312)  324655

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.01.2022, 13:46