Санарип технологияларын улуттук статистика системасына киргизүү

Басылмалардын датасы: 11.10.2019


Бүгүн 11-октябрда Улуттук статистика комитетинде болгон басма сөз жыйынында Улуттук статком тарабынан “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформациясынын концепциясын ишке ашыруунун “Жол картасы” боюнча улуттук статистикалык системага санариптештирүүнү киргизүү боюнча маалымат берилди. Ал Президенттин тапшырмасына ылайык, 2020-жылы эл каттоону жана турак-жай фондун каттоону электрондук форматта өткөрүүгө багытталган. Тапшырманы аткаруу максатында Улуттук статком тарабынан каттоонун мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, каттоочу бир эле убакта кодировщик жана оператор катары да чыга алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл каттоону жана турак-жай фондун каттоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү” токтому (2017-жылдын 23-октябрдагы №690) боюнча, 2020-жылдын 23-мартынан 10-апрелине чейин республикада эл каттоо жана турак-жай фондун каттоо атайын даярдалган каттоочулар тарабынан калкты сурамжылоо жолу менен жүргүзүлөөрү  кабарланды. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин жургүзүлөт.

Жогорудагы токтомго ылайык, Улуттук статком ушул жылдын март айында Чүй облусунда калкты жана турак-жай фондун пилоттук каттоону өткөргөн. Бул ишке 277 каттоочу, 55 инструктор-көзөмөлдөөчү жана каттоочу бөлүмдөрдүн 13 координатору тартылган. Анын жүрүшүндө Улуттук статкомдун адистери тарабынан биринчи жолу мобилдик тиркемени of-line тестирлөө болду. Кошумча тестирлөө Ысык-Көл облусунда жүргүзүлдү.

Мобилдик тиркемени тестирлөөнүн жыйынтыгы кагаздагы суроолорго караганда бир катар артыкчылыктары бар экендиги белгилүү болду. Анын негизгилери катары маалыматтарды иштеп чыгуунун мөөнөттөрү кыскарып, убакыт сарамжал болуп, кеткен каталарды оперативдүү коррекциялоо жана каттоонун жүрүшүн реалдуу убакыт аралыгында байкап туруу мумкүндүгү болду.  

Ошондой эле ишкерлерге электрондук отчет берүүнүн маалыматтык бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча да айтылды. Бул максатта Улуттук статком башка министрликтер жана мекемелер менен бирге респонденттер үчүн отчеттордун формасын жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди аткарып жатат. Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өтүп, анда эсептөөнү жакшыртуу, маалыматтарды жыйноо жана башкалар боюнча маселелер талкууланган. Мекемелер аралык маалыматтык алмашуулардын “Түндүк” системасындагы электрондук өз ара иштешүү Улуттук статком Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд жана Бажы кызматы менен жүргүзүп жатат.

*******

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманнбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси).

Толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу боюнча КР Улуттук статкомунун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: + 996 (312) 625 747, e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет).

 

Биз байланышта:

www.stat.kg|

 Facebook |

тел.625747 |

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 11.10.2019, 19:18