Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен 2018-жылдын январ-декабр мезгилиндеги тышкы соода жүгүртүүсү

Басылмалардын датасы: 12.02.2019


Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен 2018-жылдын январь-декабрь мезгилиндеги соода көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча, 336,5 млн. АКШ долларын түзүп, 2017-ж. январь-декабрына салыштырганда 8,6 пайызга өстү.

Экспорттук түшүүлөр 8,3 пайызга өсүп, 158,5 млн. долларын түздү. Кыргыз Республикасынын экспортунун жалпы көлөмүндө Өзбекстан Республикасынын үлүшү 9,0 пайызын түздү. 2017-ж. январь-декабрына салыштырганда 0,7 пайыздык пунктка өстү.

Импорттук түшүүлөр 8,8 пайызга көбөйүп, 178,0 млн. долларын түздү. Кыргыз Республикасынын импортунун жалпы көлөмүндө Өзбекстандын үлүшү 3,6 пайызды түзүп, 2017-ж. январь-декабрь деңгээлинде өзгөрүүсүз калды.

2018-жылдын январь-декабрында соода балансынын терс сальдосу 19,5 млн. АКШ долларын (ал эми, 2017-ж. январь-декабрында 17,3 млн. АКШ долларын) түздү.

Өзбекстанга жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү негизинен чийки мунай заттардын (6,3 эсеге), цементтин (4,8 эсеге), таш көмүрдүн (2,2 эсеге), жылмаланган айнектин (1,9 эсеге), күрөң көмүрдүн (1,5 эсеге) өсүшү менен камсыздалган.

Ошол эле учурда экспорттук түшүүлөр негизинен  электрэнергиясынын 34,0 пайызга, машиналар жана жабдуулардын 18,8 пайызга түшүүлөрү менен шартталды.

2018-жылдын январь-декабрь мезгилинде импорттук түшүүлөрдүн жогорулашы жалпысынан алюминий  жана андан жасалган буюмдардын (1,9 эсеге), мөмө-жемиш жана жаңгактардын (1,6 эсеге), желим жана андан жасалган буюмдар (22,6 пайызга), жашылча-жемиштер (15,7 пайызга) жана трикотаж кездемелери (15,2 пайызга) өсүшү менен шартталды. Ошол эле учурда импорттук түшүүлөр негизинен жер семирткичтердин (36,5 пайызга), трикотаж кийимдери (18,7 пайызга), килемдер жана полго төшөлмөлөрдүн (12,7 пайызга) ошондой эле электр машиналары жана жабдуулары (4,2 пайызга) төмөндөшү менен шартталган.

___________________________________________________________________________________

Тышкы соода статистикасы бөлүмү            |e-mail: gsulaimanova@stat.kg;     |тел. + 996 (312)  32 47 26

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.02.2019, 08:50