Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 23.04.2022


23-апрель күнүн жыл сайын Дүйнөлүк китеп күнү деп жарыялоо жөнүндө  ЮНЕСКОнун Башкы Конференциясынын  Резолюциясын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргызстанда китеп күнү белгиленген.

1920-жылдардын орто ченинде республикада кыргыз тилиндеги биринчи басма орган тузулуп, китеп жана китеп буюмдарын басып чыгаруу андан тышкары жерлерде ишке ашырылган. Ал эми 1926-жылы гана Кыргыз мамлекеттик басма соз башкармасынын чогулушунун чечими менен «Кыргызмамбас» («Кыргызсиздат») басмасы негизделген. Ал эми 1966-жылы ишке кирген Кыргыз полиграфия комбинаты республиканын китеп басып чыгаруу ишинде жаңы этапты ачты.

Республикада 2021-жылы 800 нуска китептер жана брошюралар басылып чыккан. Алардын ичинен жарымынан көбү кыргыз тилинде чыккан. Китептердин жана брошюралардын жылдык жүгүртүүсү 685 миң нусканы түздү. 1000 адамга басылып чыккан китептердин саны 107 нусканы түздү.

Өлкө аймагында өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ар кандай түрдөгү жана тармактарды камтыган миңден ашык китепкана бар.  Алардын эң көбү (211 китепкана) Чүй облусунда жайгашкан.

Коомдук (жалпы) китепканалардан тышкары, мектеп китепканалары, жогорку жана орто билим берүү мекемелеринин китепканалары, медициналык, техникалык, айыл чарба, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына караштуу китепканалар иш жүргүзөт.

Ошондой эле, 2021-жылы Республиканын китепкана фонду 19 млн. ашык китептерди жана брошюраларды түзгөн.

Ал эми китепканалардын пайдалануучуларынын саны (мектептердикин эсепке албаганда) миллиондон ашкан.


Акыркы жаңылоо: 23.04.2022, 10:12